Бала-Айылчы айылында көптөн бери курулуш иши бүтпөй турган мектептин ачылышы болду
Москва районунун Бала-Айылчы айылында көптөн бери курулуш иштери белгисиз себептерден улам токтоп турган мектеп пайдаланууга берилди. Аны Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров ачып берди.
150 балага ылайыкталган мектеп Республикалык бюджеттен каржыланган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мияров Мирбек Ибаратович Москва районуна жумушчу сапары менен келип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук түзүм жетекчилери жана мектеп директорлору менен жолугушту. Иш сапарынын алкагында райондогу бир топ объектилерди кыдырып, иштөө абалы жана көйгөйлүү маселелери менен жеринен таанышты.