«Багыт» борбору жаш таланттарды колдойт

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 17, 2017 14:05

«Багыт» борбору жаш таланттарды колдойт

5 “Багыт” борборунун демилгеси менен Кара-Балта шаарындагы А.С.Макаренко атындагы №10 инновациялык гимназия мектепте поэзия кечеси“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурулду. Кеченин негизги максаты — элдин ичинен чыккан жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу.

Иш-чарага Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөлөрү, акындар келип катышып,жаш таланттарга акыл-насааттарын айтып, жакшы каалоо-тилектерин билдиришти.

Окуучулар “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып, ырдап-бийлешсе, “Багыт” борборунун мүчөлөрү өз калемине таандык ырларды көркөм окуп, конокторго өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чаранын уюштуруучусу, “Багыт” борборунун мүчөсү Б.Жумагуловдон кыскача маек алдык.

-Болот агай, бүгүнкү иш-чаранын максаты эмнеде?

— Бул иш-чара 2017-жылдын эсебинен экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Биринчи жолу бул иш-чараны башка форматта, жаратылыштын кооз мезгилинде июль айында өткөзгөнбүз.Өзгөчөлүгү- 7 жаштан 80 жашка чейинки таланттар катышкандыгында. Максаты — элдин ичинде катылып жаткан таланттарды коомчулуктун назарына тартуулоо.

- Эмне себептен мындай иш-чараны өткөрүү үчүн мектептин  имаратын тандап алдыңыз?

— Талант деген таарынчаак, тартынчаак, уяң болот. Көптөгөн элдеги таланттар талантын элге чыгарбай уялып катып келишет, көп убакыт өткөндөн соң элге чыгаруусу мүмкүн. Мисалга алсак, “Шайыр апалар” тобу сыяктуу, бирок баары эмес. Биз болсо азыр балдардын талантын байкап, колдоп, аларга туура багыт берсек, балдар эч нерседен уялбай, талантын катпай, көптөгөн чыгармачылык жаатта ийгилик жаратат деген ой менен мектепте уюштурдум.

- Борбордун  айрым таланттуу мүчөлөрү менен тааныштырып өтсөңүз…

— Жаш таланттарды эл алдына алып чыкканга аракеттениш керек. Борбордун 75 жаштагы, 9 баланы өстүргөн Баатыр эне Абыкеева Асбүбү аттуу таланттуу мүчөсү бар. Ал 30жашынан баштап ыр жазып, бирок ырларын элдин назарына тартуулабай катып жүргөндө тааныштары биздин  борборго алып келген. Азыркы учурда эженин 120 ыры камтылган ыр жыйнагын чыгаруунун алдында турабыз. Чыккан соң китебин аны жергиликтүү китепканаларга тараталы деген оюбуз бар. Бул биздин таланттууларыбыздын бирөөсү гана.

- Борбордункелечектеги пландары тууралуу айта кетсеңиз…

— Борбордун мүчөлөрүнүн жан дүйнөсүн байытуу максатында бул жылдын эсебинен биз Кыргызстандын  облустарынын тарыхый жерлерине барып саякаттап, эргүү алып келгенбиз. Жакында  Манас Атанын күмбөзүнө барып келели деген планыбыз бар. Андан тышкары, облустун баардык мектептеринде поэзия кечелерин өткөрүп шыгы бар балдарга колдоо көрсөтүп, талантын өркүндөтөлү деген асыл ой-тилектерибиз бар. Эмкисинде мыкты сүрөтчүлөрдү чогултуп, иш-чара уюштурайын деп жатам.

Кара-Балта шаарынын С.Макаренко атындагы №10 мектеп-гимназиянын директору Э.Бердибаевден  мектеп жана өткөн иш-чара тууралуу маалымат алдык.

—           Биздин интернат түрүндөгү гимназия-мектебибиз 1957-жылы И.Раззаковдун демилгеси менен уюшулган.Максатыбыз -айыл жергесиндеги таланттуу, жөндөмдүү балдарды алып келип билим берүү. Ыр жазыпчыгармачылыкка жакын болгон бала эч качан жаман ишке барбайт. Акындык өнөр же болбосо ыр окуу балдарды жакшы нерсеге тарбиялап, келечекте жакшы адам болууга умтултат. “Багыт” борборунун бүгүнкү өткөзүп жаткан иш-чарасы жакшы саамалык.Ушундай иш-чаралардымындан ары  мектепте өткөзүп турабыз деген үмүттөмүн.

Жибек ШАРШЕНБИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 17, 2017 14:05

Парламент

Элдик медицина