Бабалар дабышы жакындан угулат…

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:42

Бабалар дабышы жакындан угулат…

18 «Башкасын коюп, Манасты айт», делип келгендей, бу, жогорудагы аталыш биз баягы жаамы журтубуз менен «Манас – 1000»майрамын белгилеген тарыхый жылыАйкөл Манас баштаган бабаларыбыз тууралуу жазган чакан макалага коюлган наам болчу. Мына эми да убакыт,шарт–шарданы үндөп,улуу ойчул, классикагабызЧынгыз Айтматовдун (муну кайталоодон тажабайм): «Аттила… биздин тарыхый жекече ой санаабыздын ренессансы менен кайра жаралат… Эдил (Аттила) бабабызды төл тарыхыбызга киргизип, адабиятта кайталангыс орошон образын жаратып, эли-журтуменен кайрадан жүздөштүрүшүбүз керек» -деп муундардан муундарга өтчү кубаты бармурас катары табыштап кеткен осуятын мойнубузга парз катары тагып, байыркы кыргыз падышаларынын урпактарынан болгонон экигунн кагандары, анан ошол учурдагы Приск Паннийский (Vк.). Иордан (Vк.)өңдүү жыл наамачылардын, ошондой эле кийинки мезгилдеги тарых изилдөөчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгүнүн пикирлери боюнча Гунн мамлекетинин ар намысын коргоп, чектерин кеңейтүүгө зорсалымдарын кошуп кетишкен каган бабаларыбыз Баламбер (алан хандыгын, остготтор менен вестготтор мамлекетин талкалап,  Гунн мамлекетинин чектерин Алтайдан баштап, Дунайдын алдындагы ойдуң жерлерге чейин белгилеген, анттар менен венеддерди шериктеш катары  кошуп алган), Ульдин(Дунайдын эки жээгинен тең вестгот, алеман, бургунд жана вандал сыяктуу германдык душмандашкан урууларды артка сүрүп, учурдагы Венгриянын аймагында отурукташкан роман тилдүүда курууларын чаап алып, каганаттын аймагын ого бетер кеңейтип жиберген) жана Ругила (түндүк тарапты карай эки чоң согуштук жүрүш жасап, Гунн каганатынын түндүк чегин Балтиканын жээктерине чейин жеткирген, азыркы Швейцария менен Австриянын чектеринде альп тоолорун бүт бойдон өзүнө караткан),өзүн «Юпитердин» уулу мун деп жарыялап, дүйнөнүн көбүн багындырган, атамзамандан берки 100 улуу полководецтердин эң биринчи сабында турган кадимки Искендер Зулкарнайын (Александр Македонский)менен Рим императору, гениалдуу аскер башчы Юлий Цезардан кийинки үчүнчү орунда турган, Теңирхандын кулунумун деп айтчу, көптөгөн кыргыз (түрк), германдык (готт-немецтик) жана славяндык (орус тилдүү) жазма эстеликтерде Аттила (же: Аттилахан, Адилхан, Адил, Эдил, Аттли, Этцель…) деген ысым менен дүйнө жүзүндө ооздон түшпөй айтылып келген, мындан ары да муундардан муундарга өтүп турчу сыймыктуутуубуз катары карманган бабабыз Аттила тууралуу кеп кылып, баатырларды өз эли менен колдон келишинче жүздөштүрүп туруу мүмкүнчүлүгү табылып турганда аны дагы бир ирет колдонуп коеюн деп турумун (чыркыраган чындык өңүтүнөн, тарыхый булактардан ала келгенде –гунн хандыгынын бардык бөлүктөрүн өз бийлиги астына чогултуп бириктирип, Дунайдын оң жээгин толугу менен баш ийдирген… Аттила (434 –453) аттуу инсандын кубаттуу кыймылын токтотууга чама-чаркы жетпеген Чыгыш Рим империясынын императору Феодосий II …Гунн ханына көз каранды экенин мойнуна алып, жыл сайын 700 фунт өлчөмүндө алтын түрүндө салык төлөп турууга антын берип, ээлеген аймагынын бир бөлүгүнөн кол үзгөн).

Аттилага чейин да, Аттила бийлик жүргүзгөн мезгилдерде да гунндар кандуу салгылаштарда бир да жолу жеңилүү дегенди билишпеген, душмандары ар дайым тез болбосо да ар кыл согуштук аракеттер менен курчоого алынып, багынып берип турушкан. «Гунндардын жеңилбестигинин себептери эмнеде?» -деген суроо дүйнөлүк денгээлде далайлардын башын катырып келген.Андыктан көптөгөн тарыхый булактарга, байыркы да, кийинки да илимпоздордун эмгектерине, айрыкча чоң окумуштуу, чыгаан жазуучу А. фон Бектин тарыхый романдарына таянып айта келсек, бул, албетте, биринчи кезекте адамдык факторго, так айтканда, жогоруда аталган кол башчылардын инсандык улуу сапат-касиеттерине, гениалдуу стратег катары көрсөтүшкөн кол башчылык өнөрлөрүнө, баарынан маанилүүсү: алардын, айрыкча жаштык кезин түбөлүктүү шаар Урумда өткөргөн Аттиланын ар тараптуу терең билимге ээ экендигине байланыштуу болуп чыгат сыймыктануубузду ого бетер арттырып.

Мына ушул жана ал учурдагы башка да жагдайга кыскача токтоло кетсек, маселен, өйдөдө аттары аталган кол башчылар жер дүңгүрөткөн артыкчылыктуу согуш аракеттери менен гана чектелбей, элдин келечеги жөнүндө туруктуу камкордук көрүп, жаш муундарга тарбия-таалим берүү, аскердик катарларды убагында, татыктуу, толук даярдыктан өткөн эрен жигиттер менен толуктап туруу иштерине түздөн-түз аралашып, ал эми турмуштук маанилүү маселелер чыкса ар бир уруунун эли, аксакалдары менен кеңешип-кесипчечип, адилеттүүлүктү жана бекем тартипти, айрыкча, принциптүүлүктү биринчи орунга коюп келишкен. Окууда, аскердик көнүгүүлөрдө “сен хандын тукумунансыңбы же жөнөкөй тархандын уулусуңбу”дебей бардыгына бирдей талапкоюлуп, кээде накта аксөөктөрдүн балдарына чейин сыноолордон өтпөй, азыркыча айтканда, окуудан «ордуна калгандар»  болуптур.

Мына ушул өңдүү жана башка да ырааттуу жүргүзүлгөн иштер ондогон урууларды согуштук гана эмес, башка да орчундуу маселелерди чечүүдө бир жакадан баш, бир женден кол чыгарууга үндөп, элде патриоттук духту тарбиялоого да бекем таасир эткен. Натыйжада Гунн кошунуна бириккен уруулар арасында бири экинчисин кемсинтүү, бой көтөрүү дегени болбой, тиешелүү энчилер да ар бир уруунун салымына жараша жана мурдатан сакталып келаткан тартипке ылайык бөлүштүрүлүп, багар-көрөрүнөн ажыраган жетим-жесирлерге айрыкча көңүл бурулуп, жеке өзүнчө мамиле жасалып келген. Атчу нерсе: гунндар жогорку бир аскердик духу, эр жүрөктүүлүгү, тайманбастыгы, ошондой эле өлүмгө жана душмандарына күчтүү жек көрүүчүлүк сезими менен айырмаланып турушкан. Мына ушул жана башка сапаттар эң бир айырмалуу жана кылдат аскердик тартип менен айкалышып, берилген буйрукту аткаруу баш ийген тарап үчүн мыйзам болуп калган. Жарадар болгон жолдошуңду алып чыгуу, керек болсо бул үчүн өз жанынды курмандыкка чалуу эң ардактуу эрдик катары саналган. Анан, баарыбыз билип жүргөн айныксыз бир көрүнүшту айта кетейин: аскердик өнөрдөбү, саясаттабы, маданият, илим же спорттобу, лидерлер менен генийлер чыгып жатышпайбыжалгыздап эле жасаган аракеттери, жыйынтыктары менен дүйнө элин таң калтырып, суктантып, аң-сезимибизге таасир эткен. Биз сөз кылгын бабаларыбыздын ар бири мына ушундай инсандардан тура.

Гунндардын согуштарда жеңилбестигинин дагы бир сырлары: гунн аскерлери негизинен аттын кулагы менен тен ойногондордон турган жана ошондой эле эгерим ат минип көрбөгөн айрым уруулардын жаш балдарына чейин атайын лагерлерде ат минүүгө үйрөтүү сыяктуу ж.б. аскердик иш чараларды жүргүзгөн согушту куюм бар болчу. Анан гунн жоокерлери убакыт талабына шайкеш, башкалардан кыйла айырмалуу куралдарга ээ болуп келишкен. Ошол кезде гунндардын учкурак, эки жээги жапайы жаныбарлардын мүйүздөрүнөн жасалган жаасына тендеш курал дүйнөдө болгон эмес. Гунндар аткан ошондой жаанын огу ошол кездерде эле 200 метрде турган душмандын калканын жарып өтчү. Такай жөө жүрүп салгылашкан европалык аскерлер капталдан кыргыйдай тийген атчандарга туруштук бере алышчу эмес, анын үстүнө асманда ышкырып учкан жаанын октору аларды алыстан эле жалмап кетип жатпайбы.  Ал эми европалык жаалардын ошондогу талкалагыч күчү 100 метр аралыкты түзүпкелген. XIII – XIVкк. Европа боюнча эң мыкты жаачылар катары аталып келген кийинки эле валлийликтердин октору душмандарын 150 метр аралыктан гана өлүмгө учурата алчу.

Шуулдап ат менен жүргөн гунн жоокерлерине душмандардын алдыңкы катарда турган жөө жоокерлери ыргыткан узун жана кыска найзалары орто жолдо жер сайып кала берчү. Алардын шешке-кылычтары да коло менен жез арбын кошулуп, европалыктардын кылычтарына караганда алда канча бекем болгон, үзөңгү ыңгайлуу экенин да билишчү эмес окшойт, салгылашка ансыз чыгышып. Ал эми гунндарда болсо үзөңгүнү чирене тээп, октордон каалагандай ойт берип, чабендеси болсо бирде ээрден ылдый саландай жаа тартып, ал эми кылыч менен чабыша келгенде да күчтүү сокку уруу үчүн алда канча көбүрөөк мумкунчулукко ээ болуп турчу.

Дагы бир маанилүү нерсе: гунндар кечээ эле тишин кайрап араң турган душманын ыңгайын таап бүгүн кайра абдан жакын дос болбосо да, жакшы пикирлеш тарапка айлантып, ал кийин башка элдер жана уруулар менен кандайдыр бир келишпестиктер чыгып кетсе гунндар тарапка өтүп кете тургандай мүмкүнчүлүктү колдоно билишкендиги менен да айырмаланып келишкен. Мындай мисалдар аз эмес. Дегеле гунндар, алардын кол башчылары, айрыкча Аттила тууралуу көп сандаган деген далар, мифтер, санжыралар менен уламыштар арбын жана айрым учурларда бири бирине таптакыр карама-каршы келген ой-пикирлер да жок эмес. Алардын баарына токтолуунун, албетте, кажети жок, андыктан учурунда гунндар тууралуу так берген тарыхчы катары белгилүү Дж.Мэн өзүнүн “Аттила” аттуу китебинде минтип жазыптыр: “Аттила жөн эле варвар эмес. Ал абдан амбициялуу жана жөндөм-шыгы ашып-ташып турган адам, кошундаш уруулардын көп сандаган аскерлеринин жана камалоо каражаттарынын коштоосу алдында атчан гунндардан турган кубаттуу колду башкарып, Европанын Чыңгысханы болуп калган. Азыркы Венгриянын аймагында жайгашкан базасына таянып , Балтика денизинен Балканга чейин жана Рейнден Кара Денизге чейин созулуп жаткан зор империяны түзгөн”.

Улуу бабаларыбыздын дүйнөлүк карт тарыхка, дегеле бу жарыктыкка калтырган өлбөс-өчпөс издери биз үчүн бар жагынан өлбөс-өчпөс улуу сабак, демек, айтар сөздөрүбүз дагы алдыда…

(Уландысы бар)

А.БЕКБАЛАЕВ, жазуучу, профессор

Ж.САРИЕВ, журналист, жазуучу

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:42

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина