Баатырлар баяны же Шопоковдор туралуу сөз

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 13, 2019 11:18

Баатырлар баяны же Шопоковдор туралуу сөз

7Эркин, көз карандысыз өлкө болуп, Бириккен Улуттар Уюмуна киргенибизге көкүрөк кага мактанабыз. Ал эми ушул ийгиликтерди же так айтканда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүдөгү совет  мезгилинин маанисин унуткандай же кайдыгер мамиле жасагандайбыз. 

 Атын атаса куту сүйүнөбү…Же атак-даңкка тете эскерүү, тарбия-таалим иштери жок деп күйүнөбү.

Алымбек, Курманжан даткалардын инсан үлгүлөрү менен кошо үй-бүлөлүк өрнөктөрүн да бирге алып, алардын мисалында башкалардын тагдырын да таалим-тарбияга таасирдүү пайдалана билүү азыркы замандын зар какшаткан идеологиясынын руханий гүлазыгы, замзам булагы экендигинде эч талаш жок. Кеп аларды орду, ырааты менен колдонуп, маани-мазмунун тереңдете, шаани-жөрөлгөсүн жогорулата билиште.

Шашпай эсеп жүргүзсөк, кыргыз тарыхына, адабияты, маданиятына үй-бүлөсү же жакын туугандары менен бирге кызмат өтөгөндөр жана ушул сыймыктуу да мүшкүлдүү да милдетти улантып жаткандар жүздөп саналат экен.

Ушул кепке ылайык Дүйшөнкул жана Керимбүбү Шопоковдордун баатыр үй-бүлөсү жөнүндө сөз учугун улайлы.

Эки баатыр баяны буга чейин, так айтканда Совет маалында байма-бай айтылып, жазылып, тасмалар тартылып, ырлар чыгарылып келгени, ысымдары мектептерге, чарбаларга жана шаарга коюлганы маалым. Ошолордон алган маалыматтарга таянсак: Дүйшөнкул Шопоков Сокулуктун Шалта айылында 1913-жылы төрөлүп, он төрт, он беш жашында биринчи бороз салган жана мектепти жакшы аяктагандыктан биринчи мугалим катары эмгек чыйыры башталат. Атасы Шопоктун чарбачылыгы, колу жөндөмдүүлүгү баласына берилгендиктен чарба иштерине да илбериңкилик менен катышкандыктан дан кампа башчылыгына дайындалган. Айыл-чарба иштерин жүргүзүүдө дунган кошуналардын иштермандыгына кызыгуу менен айылдаштарын алардын тажрыйбасын алууга үндөп, дунган чарбаларына саякатка алып барганы да кызык.

Ошондой эле элдик оозеки адабиятка да берилүү менен “Кедейкан”, “Жаныш, Байыш” дастандарын көркөм  окуп бергени жана сабаты жоюлганы, башталгыч класстарга сабак бергени үчүн айылдаштары, өзгөчө жеңелери урматтоо менен “Молдо Бала” деп тергеп чакыргандары кыргыз тарбиясынын таасын үлгүсү экенин эмкилер биле бербестир. Керимбүбү чоң апабыз менен 2011-жылы 20-октябрда жолугушканда үй-бүлөсү жөнүндө кызыктуу маалыматтарга күбө болгонбуз. Ошонун айрымдарын эскерип, 2019-жылдын 16-ноябрына карата эске салуу окурман журтка кызык деген ойдомун.

Кайын атанын камчысынан”

              -Дегеним туурабы же турмушка өтө эле эрте, секелек кезимде чыкканданбы, айтор кайнатамдын тарбиясын көп алганымдан го, сырткы иштерге, кара жумушка бүйрө өстүм. Кайын энем жоош, момун киши эле. Өтүшкөн дартынан улам 2-3 жыл өтпөй каза тапканда үй оокатынын түйшүгү  мойнума биротоло түшкөндө, ого бетер кыйналдым, быштым дегендей… Кайын атам чыйрак жана бакырчаак киши эле жарыктык. Тиги тоо кырларынан жылкыларын айдап келатканда кыйкырган үнү айылга шашпай угулганда келин-кесектери:

-Кокуй, бакырчаак акебиз келатат, -дешип сестенип турушчу. Анткени, үй-тегерегинде ар нерселер чачылып, ыпырсып жатканын, кимдир бирөөнүн бекер жүргөнүн жаман көрөрүн бардыгы билишип, ал кишинин тазалык, тартипти, тыкандыкты жактыраарына тымызын таазим этишкени дале эсте.

Куураган чырпык, бутактарды кесип, тирелте, ушунча тыкыс жыйып койгон жеринен сууруп ала алчу эмесмин. Өзү гана ирети менен алып берчү.

-Кайынатаңыздын аты ким эле?

-Шопок.

-Ыя, апа, атын тергебейсизби?

-Ай балакетиңди алайын, кайын атам эмес, өз атамдан беш бетер тарбиясын алып, колунда кызындай жүрсөм айтам да атынан. Кайын аталардын бардыгы эле ал кишидей болбосо керек.

— Кыйкырып- кыйкырып сүйлөп калганыңыз да ошол атаңыздан улам го?

— Туура баамдапсың балам, ошол кишинин мүнөзүнөн бар. Анын үстүнө кийин кызылчада звенодой, бригадир болуп жүргөндө кыз-келиндерди эртең менен жумушка деп чакырып, анан талаада иштеп жүргөндө Шопок атамдын кыйкыра сүйлөгөнүнө окшоп калганымды сезбей деле калыптырмын. Ооба, ал кишиден кыйкырганды гана эмес, эл менен иштеше билүүнү, ар нерсенин көзүн табууну да үйрөнгөнүм кийинки турмушума зор өбөлгө болбодубу.

— Демек, Дүйшөнкул жубайыңызды атанын уулу кылып тарбиялаган кайынатаңыз экен да…

— Ооба. Атасы таасири талашсыз. А бирок өзүнүн көкүрөгүндө, зирегинде рух, ыйман көрөңгөсү уюбаса узакка жүгүрүшү мүмкүн эместир. Ата-энеси жакшылардан деле чалбоо аттай азоо, тентектер чыгып келе жатканынбилебиз го…

Өлүмүмдөн өмүр гүлдөйт”

-деген маанидеги сөздү Дүйшөнкул согуш башталардан 2-3 жыл мурда эле айтканынан селт эте чочуп кеткенимде, дүкүлдөгөн жүрөгүмдү баса:

-Ушунча коркосуңбу? Өлүм деген акыры келер чындык экенин эстей жүрүшү адамдын парзы  да- деп ого бетер ойго салганын соңку жылдары негедир көп эстейм. Балким, аян берилгендир…

Чынында эле өлүмү өмүр улады, башка миллиондогон совет курмандыктарынын катарында. Баатырлык даңкы, арбагы жеке өзүмө эле эмес, тууган-туушкандарыма пайдасын тийгизди, колдоду дегендей. Эми  бардыгыбыз биригип анын жаркын элесин, адамдык касиетин, улуу арбагын ыраазы кылгыдай жашап жатабызбы деген жүгүрүк ой, сарсанаа көңүлдү тынчытпайт. Ооба, анын өмүрүнө, даңкына шек келтирбейин, кайынатам да мүңкүрөбөсүн дегенде жаным тынбай иштегим келе берет эле.

Азыр деле керилип кетмен чаппасам да арык-боюндагы чөптөрдү оруп-жыйып жиберсем дегенде эки көзүм төрт… А бирок көз анча көрбөй, дене-боюм да ойдогудай кыймылдабай калган соң, жалаң тилге күчтү чыгарып гана отуруп калбадымбы, балакетиңди алайындай Көп сүйлөсөм да минтип демигип кетем…деп бир азга тыным ала, бетаарчысы менен оозун, жүзүн жана көзүн аарчыган соң кийинки суроолорго жооп табышууга Дүйшөнкул жубайынын элесин издеп жаткандай сезилди…

Нечен гектар жерди майдалап, канча миллион түп кызылчаны отогон, жумшарткан жана канча кулак сууну Жылмышты жылдыз суусунан (Алыкул) жыккан, эмгектеринен улам миллиондогон тонна кумшекер өндүргөн чоң кетмени менен калагы баатыр апанын өзүндөй койкоюп, ээсинин эмгекчил туурук колдорун сагынгансыйт. – Мындан 4-5 жыл мурда үй жанынан чакан аянтты бөлдүрүп, кызылчаны өзү карап, багып күзүндө кадимкидей эле түшүм алганы бар – деп Замир небереси таңданып да, сыймыктанып да айтканда оозуңду ачпай көр.

                                             Окоптогу түн

Керимбүбү апа 1947-жылы Дубосекового барып, 28 баатыр-панфиловчулардын окобун көргөнү , алардын каны төгүлүп, өмүрлөрү кыйылган жана жүрөктөрү токтоп, жүлүндөрү үзүлгөн, денелери танк алдында камырдай жуурулган жердин топурагына муңун төккөнү, акырында өзүн-өзү соорото кайраттанганы жана Дүйшөнкулдардын ар кимисине таандык чептей сезилген окопко таазим эте, аза түнүн өткөргөнүн, ошондон кийин көзүнөн жаш төкпөгөнүн айтып жатканда: “Чыйттай жандын чыдамына, өзүн өзү чыйралтканына жана баатыр жарына тете баатырлыгына ичимден “бали, бали” деп суктануу менен бирге көз тийбесин деп купуя сыйынып отурдум.

Мен таккан жылдыз

Кээде катуу бакылдап, кээде акырындай өмүрүнүн өткөн кеткенине шекер кошкондой сүйлөп отурган, көкүрөгүндөгү орден, медаль, жылдыздары ички жан дүйнөсүнүн да тазалыгынан жана турмуштук кайратынан жаркырап турган ушул инсан менен мурда жолугуп же жолукпай жүргөндөй деңдароо абалымдан чыгуу үчүн тээ балалык кездеги окуяны ортого салууга батындым…

Башталгыч класста окуп жүргөнүмдө атам Шомор ата-энелер чогулушуна барып келип, мектеп жана менин окуум жөнүндө жеңем, апам Мырзакүл экөө сүйлөшүп отурушту. “Эне тил” китебин окуюн деп жакшы эле аракеттенгеним менен тапшырманы таштадым да “Баатырлардын үй-бүлөсү” деген темага тартылган Д.Шопоков менен К.Шопокованын сүрөттөрүнө кызыгып калдым…

Мурда деле көрүп жүргөн сүрөттөр да. А бирок ушунда бир нерсени байкадым, ойлондум анан: “Эмне үчүн Дүйшөнкулдун төшүндө Советтер Союзунун Баатырынын жылдызы жок?” деген суроого толгондум. Китепке тарткан болбостур деп, бир ак баракты салдым да кара кагаз менен көчүрмөлөп алдым.

Китепти ары жылдырып, жылдызды төшүнө тагып бүтө ары-бери карап отурганымда атамдын далыма чапканына улай нааразыланган үнү дал кулактын түбүнөн угулду:

-Тартсаң жакшылап тартпайсыңбы, алдагы адамдар жөн кишилер эмес. Андан көрө сабактарыңды окусаңчы,- деген атама эчтеке дебей, тарткан-таккан жылдызымды көргөзүп кутулганымды уккан Керимбүбү апа:

-Ээ айланайын балам, жылдызын такканың жакшы болгон экен. Анткени, Баатырлык алтын жылдызы жана күбөлүгү берилген жок. Тирүүлөргө гана тагылат, берилет дегендей, түшүнүксүз эрежеден улам ушинтти го деген ой бар,- деп улутунуп алды.Кызык экөөнүн жылдызы жанаша тагылып, жаркырап турса өздөрүнө да өлкөбүзгө да жарашып эле калбайт беле!

Эненин эмне арманы бар эле?

-Эң биринчи – күлгүндөй болгон Дүйшөнкул экөөбүздүн үй-бүлөбүз эми-эми гана чыйралып, торолуп келатканда согуштун башталганы, балдарыбыздын наристе, бөбөк жытына канбай калганыбыз.

Экинчиси, 1942-жылдагы кош кабат кайгым. Дүйшөнкулдун курман болгонун да ошондо угузушту. Сатаркул аттуукенжебиз да ошол жылы чарчап калган…

Кежир согуш, кесир согуш, жесир согуш ошентип миллиондогон совет адамдарынын Жеңиш тез эле болор деген үмүтүнө от бүркүп, дагы көптөгөн азап-тозогун арттырганы Алыкул Осмоновдун “Неге кечигет” (1942-жылдын жазына) деген ырында мындай сүрөттөлгөн:

Эсимде…Бир жолу эмес, нечен ирет,

Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.

А быйыл…күн жылыбайт, жер тегиз кар,

Шумдук ай, неге мынча жаз кечигет?

Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова кайсы бир теле маегинде:

-Дүйшөнкулум аты белгисиз, дайыны табылбай калган жоокерлерден болсо бир жөн эле. 28 баатыр-панфиловчулардын катарында кан майданда курман болуп, кыргыздын биринчи Советтер Союзунун Баатыры да. Ошого жараша урмат-сый көргөзүлсө деген оюм бар- деп айтты эле. Эми буга көз карашыңыз кандай дегенибизге Керимбүбү апанын жообу:

— Ал жагынан рахмат! Дүйшөнкул атындагы мектеп, чарба республиканын ар тарабында бар. Шопоков шаары дегенде шаңдуу угулат экен деп кыйлага сүйүнгөнүмдү айтпа. Менин атым да  Сокулуктун №3 мектебине коюлганына ыраазымын.

- Путинге да жолугайын деген оюңуз бар эле?…

 - Ооба, Москваны бүт СССР элдери коргободу беле. Ушуга жана 28 баатырдын эрдигине соңку кезде анчалык көңүл бурулбай, унутта калып жатабы дегенди айтмакмын, – дегенинен улам азыр өзүбүз эмне кылуудабыз деген суроо сыр найза менен теке маңдайдан чыга калгансыды.

Баатырлардын ысымдары коюлган мектеп, музейлерде жана биз кезде таалим-тарбиянын иштери күчтүү өтчү Панфилов музейинде, аскер бөлүктөрүндө ушул иштер кайрадан маани-маңыздуу уланар бекен?!

Аталардын алгы сөз,

Айтылбаса дат басат! – деп “Манаста” айтылгандай абалдакалбаш үчүн өткөндү эстеп, эскерип, өрнөк үлгүсү менен өркүндөө атуулдук милдетибиз да.

P.S: Панфилов дивизиясы кайра калыбына келтирилген. Ал эми музейи жабылып, улам бир имаратка көчүрүлүп жүрүп, көп жылдан бери баалуу экспонаттары Фрунзе-1 бөлүгүндө ачык асмандын алдында жатат экен!?

Устат жөнүндө учкай кеп 

Өзүнөн сурасамбы деп кеп ыңгайын күтүп отурганымды баамдадыбы же ал киши тууралу дайым айтып, эстөө жана таазим этүү ыйман эрежесиби, айтор Зууракан Кайназарова жөнүндө сөз өзүнөн өзү башталып кетти.

Экөө тең Сокулуктун эмгек майданында маңдай терлери куюлуп, таңды-кеч дегенди билбей кызылчанын түшүмүн көбөйтүү гана эмес, канттуулугун жогорулатуу, жаңы түрлөрүн өстүрүүдө өзгөчө эмгек сиңиришкенине өткөн совет доорунун айыл чарба тарыхы даана күбө.

-Белди бекем бууп, кызылчага чыккандан кийин аны багуу, сугаруу жагынан тажрыйбасын, эл менен кантип иштешкенин да үйрөнөйүн деген ниетте Зууракан эжеме атайлап барганымда, барбалаңдап кабыл алганы алиге таасирлентип турат. 1942-жылы жайында Дүйшөнкулдун курман болгонун угузгандан кийин жолукканыбыз эле.

-Айланайын Керимбүбү жашсың, күчүң бар, аракеттенсең берекети болор.Талаага чыкканың өзүнчө эрдик. Кыйналганда айнып, максатыңдан тайбасаң эмгек үзүрүн көрөсүң, — деген тилек каалоолорун жана “даамы таттуу, мээнети  катуу” кызылчанын айрым сырларын айтуу менен ак батасын бергенде: — Ар бир кызылчанын түбүнө түнөсөм да түшүм алам – десем жарыктык:

— Ушундай кайратыңды баалайм, бир чети кайын сиңдим эмессиңби, “бетпак”, — деп бакылдай көңүлүмдү көтөргөнүчү. Ал кишинин ачык, шар мүнөзү, кээде: “Ой, атаңдын оозун урайындар” деп эркекче тамашалай урушканы майдай эле жакчу баарыбызга.

— Ошентип, устатымдын айтканын аткарып, кышы бою малдын түгүл, тооктун кыгын да талаага ташыттым. Мурда күлдү семирткич катары пайдаланганда сугатта кыйналганбыз. Анткени, күл сууну көп соруп алат да, кайтарымы аз. Бара-бара тажрыйбага каныгып, эмгекти да туура уюштура баштаганыбызда алгачкы ийгиликтер жаралды. Натыйжасы, баккан кызылчабыздын канттуулугу, таттуулугу 9 пайыздан 17пайызга жогорулап, дээрлик эки эсеге көбөйгөндө устат-шакирт катары Зууракан эжебиз экөөбүздүн алгачкы сүйүнгөнүбүздү эстесем азыр да элжиреп кетем.

-Устатыңыз дээрлик кырк жыл кызылча талаасында эмгектенгени менен ошончо үзүрүн көрбөй кетти – деген пикирди жакында уктум. Буга эмне дейсиз…

— Мунун да бир чети чындык. Сугат жана башка кара жумуштар ден-соолугуна таасир этпей коймок беле. Элестетип көрчү… Бир кезде дүкүлдөп иштеп, атты дүпүлдөтө бастырган зор адамдын муундары ооруп, баса албай, кол арабага отуруп калганын. Баягыдай эмгектен калса, коомдук турмушка да аралашпаса. 80 жылдыгын да дүңгүрөтүп өткөрөбүз деп турганда каза тапканы бардыгыбызды кайгыртты. Бата кылып, анан минтип эскергенден бөлөк арга жок турбайбы. Устатымдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун – деген Керимбүбү апанын тамагы буула, үнү каргылдана чыкты. Анан кантет, экөө тең өз доорлорунун эмгектен баар тапкан кашкөй баатырлары экендигин эмки муундагылар анчалык билбей, билгендери кайдыгер мамиледе жүрүшсө.

Ошондуктан, алар жөнүндө жаңы нерсе табылбаса да эски маалымат булактарын, архивдик документтерди, музей материалдарын кайра чыгарып койсок деле чоң иш илгерилемекчи. Бирок экөөнүн Алтын жылдыздары кыргыз тарыхынын барактарында дайым жанып турарында шек жок.

Бар болгула энелер!

P.S: Баатыр үй-бүлө деп Д.Шопоков менен К.Шопокованын эстеликтерин чогуу тургузулса кыргыз тарыхынын даңазалуу барагы дааналана түшмөк. Дагы бир жүйөөлүү ой. Т.Сагынбаева, К.Сулайманова апалардын Баатыр эне жана Социалисттик Эмгектин Баатыры экендиктерине басым жасоо менен эстеликтери өздөрүнүн райондук борборуна орнотулса, энелерге да эмгекке да көргөзүлгөн улуу урмат, сыйдын тал чокусу болмогу ырастыр.

Мындай кош сыймыктуу баатыр энелердин маалыматын тактоо менен аларга да кандайдыр бир кошумча камкордук көрүү эгемен мамлекеттин эң биринчи милдетидир. Анткени, азыркы эркин өлкөбүздүн пайдубалын түптөөдө энелерибиз эбегейсиз эмгек сиңиришкени тарыхта жазылуу эмеспи.

 

 Памирбек Казыбаев

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 13, 2019 11:18

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина