Баатыр эненин бактысы жана байлыгы – балдары

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 11:30

Баатыр эненин бактысы жана байлыгы – балдары

10“Эгерде бир баланы бага алсаң, анда башка балдарыңды деле чоңойто аласың” дейт  тогуз баланын энеси Алиман апа.

Алиман Кийизбаева Москва районуна караштуу Аң-Арык айылынын тургуну. Өзү көп балалуу үй-бүлөдө өсүп чоңойгон. Анын атасы согушка чейин сельсоветте иштеп, ал эми апасы мугалим болгон. Андан соң Улуу Ата мекендик согуш башталып үй-бүлө башчысы элин-жерин коргоо үчүн согушка аттанат. Согуштан кийин 54 жашында оорудан каза болот. Алиман апаны ата-энеси 15 жашында эле  күйөөгө беришет. Бактысына жараша өмүрлүк жары  Эркинбек Кийизбаев  адамгерчиликтүү, иштерман болуп чыгат. Күн-түн дебей жанын үрөп колхоздо тракторист, механизатор болуп иштейт. Колунан көөрү төгүлгөн устачылык да жайы болот. Айылдык жердештерине өз колу менен мончо салып берет, андан соң тегирмендин ичин оңдоп, бир сөз менен айтканда, айылдаштары сыйлаган, аброю чоң инсан болгон. Алиман апа экөөлөп 9 баланы бутка тургузушат.  Тилекке каршы, 2010-жылы шум ажал аны да алып тынат.

Пенсияга чыккандан кийин Алиман апа тигүүчү болуп цехте бир топ жыл эмгектенет. Бүгүнкү күндө үйдө отурганы менен кийиз, шырдактарды, көйнөк-көрпөчөлөрдү тигип, уул-кыздарына, неберелерине байпак, жылуу кийимдерди токуп, айтор тыным албайт. Алиман апанын ынтымактуу үй-бүлөсүндө дагы 20 небере, 8 чөбөрөсү чоңоюшууда.

Баатыр эненин бактысы жана байлыгы – балдары. Улуу баласы Турат өзүнчө цех ачып, бизнесмен. Кийинкиси Марат атасынын жолун улап айылда фермер. Майсалбек Аң-Арык айлында ата-энесинин үйүндө, апасы менен чогуу жашайт. Ата-энесинен калган  чакан чарбасы  бар. Жандар дагы жеке ишкерлик мене алектенет. Атасындай болуп элге кайрымдуу болуп чоңойду. Ал Аң-Арык айылынын көчөсүн оңдоп-түзөөдө чоң салымын кошуп турат. Ал эми кызы Лилия Бишкек шаарында төрөт үйүндө врач. Гүлкайыр  Түркияда иштейт жана кенже кызы Назгүл Бишкекте турат, өзү ачкан тигүүчү цехти иштетет. Ата-энеси менен чогуу бир үйдө сегиз небереси жашайт.

2013-жылы Алиман Кийизбаева “Баатыр эне” ордени менен сыйланган, буга чейин “Материнская слава” ордени менен 3 жолу жана “Ветеран труда” медалы менен да сыйланган. 1988-жылы колхоздо саанчы болуп мыкты иштегени үчүн Ардак грамотага татыктуу болгон. Бүгүнкү күндө 80 жашка чыгайын деп калган Алиман апа карылыкка али моюн суна элек. Апабыз  кол өнөрчүлүгүн таштабай, неберелерине акыл-насаатын айтып, жаштарга батасын берип келет. Айыл ичинде Алиман апаны жаш-карысы дебей бардыгы сыйлашат. Ападан кеп-кеңеш сурашып жаштар көп кайрылышат. Өзгөчө кыргыздын салтын улаган салттарды, тигүүчүлүк өнөрүн кийинки муунга калтыруу үчүн Алиман апа көп аракетин жумшайт.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 11:30

Приемная кампания 2020

Элдик медицина