Баалар өскөн сайын инфляция күчөөдө

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:24

Баалар өскөн сайын инфляция күчөөдө

16 Өткөн жылдары баалар квартал сайын өйдөлөп, өсүүнүн үстүндө келсе, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында ай сайын, ал эми экинчи кварталда жума сайын баалар өссө, эми күн сайын астрономиялык ылдамдыкта өсүүнүн үстүндө. Мындай шартта бюджеттик мекемелерде аз айлык акы алып жашаган адамдар, аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөлөр жана пенсиясы эч нерсеге арзыбаган ардагерлер турмуш-тиричилик жактан оор кыйынчылыктарды баштан кечиришүүдө. Баалар асмандаган сайын сомдун куну түшүп кагазга айлангандыгы аз келгенсип, анын курсун кармап турган америка долларың деле Кыргызстанда эле эмес Россияда да өзүнүн күчүн жоготуп койду.

Аткаруу бийлиги парламент менен баа саясатында мамлекеттик деңгээлде биргелешип, конкреттүү иш жүргүзбөгөндүктөн улам мына минтип инфляциянын деңгээли абдан жогорулап, экономикалык кризистин жеткен чегине жетип олтурабыз. Бул акыйкат ачуу чындык. Болбосо беш миллиондон ашык элди өзүбүздүн ички ресурстарыбыздын, такыр болбосо биздин тоо-кен байлыктарыбызды өндүргөн ишканалар кирешесин тең бөлүшкөндө эле мекендештерибизди чет өлкөгө тентитпей жакшынакай эле багып, өзүбүздү өзүбүз камсыз кылууга болбойт беле деген суроо туулбай койбойт.

Кыскасы, азыр баалардын асмандап өсүп жатышын бардык министрлер баш болуп, депутаттар төш болуп дүйнөлүк тенденцияга шылтап тим болушууда.  Ал эми сомдун эквивалентин таап, сомду сом кылып, инфляцияга учуратпай кармап турууга кудурети жетпеген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жыл сайын инфляциянын деңгээли  12-15 пайызды гана түзөт деп билдирүү таратуу менен гана чектелүүдө.

Азыр баа саясатын алсак, кайсы гана тармакты албайлык, үстүбүздөгү жылы өткөн жылга салыштырмалуу баа он эседен ашык өскөн жана ал андан ары күн санап өсүүдө. Кыймылсыз мүлккө болгон баалар жана америка доллары өтө жогорулагандыктан үй-жайы жок адамдар өмүр өткүчө үйлүү болушунан арсар. Себеби, курулуш материалдары өтө кымбат болгондуктан үй салмак тургай, үй-бүлөнү багуу эң чоң проблемага айланды. Күнүмдүк жашоого керектүү азык-түлүккө баалар күн санап өсүүнүн үстүндө баратса, жакынкы күндөн бери жашооңдун жарыгы болгон Ильич шамына, тактап айтканда электр энергиясына, жылуулукка болгон тарифтер кымбаттоонун алдында турат. Эл менен эсептешпей, элдин кызыкчылыгын көңүлгө алып койбогон Кыргыз Республикасынын энергетика жана жылуулук мекемелери баш болуп өзүнүн алдындагы отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиги төш болуп, 2018-жылдын 1-апрелинен тартып биздин жарандардын көп кабаттуу үйдөгү квартирасына 1Гкал жылуулук үчүн 1134 сом 56 тыйынга көбөйтүп, жылуулукту бөлүштүргөн “Бишкекжылуулук тармагына” “медвежья услуга” көрсөтүп, андан түшүүчү үлүштөрүн алууга шымаланып олтурушат. Карапайым калк үчүн жылуулукка болгон бул жогорулатуу мурдагы тарифтен алда канча, 23,6 пайызга жогору экендигин көрсөтөт. Муну эл кантип көтөрөт десең…

Анан кантип пенсионерлердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турмуш шартын жакшыртып, жакырчылыктан алып чыга алабыз. Эгерде мындай темп менен жүрүп олтурсак,  баалар асмандамак тургай, космоско чейин, атүгүл башка планеталарга чейин учуп жетери шексиз.

Деги бааларды ооздуктап кармап турууга аткаруу бийлигинин, министрлер менен депутаттардын күчү жетеби же жокпу? Же алар рынок экономикасында бардыгы менчикке өтүп кеткен деп шылтоодон шынаа издеп, улам эле дүйнөлүк тенденцияга шылтоолоп, актануу менен гана кутулушабы? Азыр байлар, чиновниктер өз кызыкчылыктарын жогору коюшууда. Бул  баалардын жасалма жол менен жогорулап жатышынын бирден бир далили. Карапайым калктын курсагы жакшы тойбой турган убакта бааларды асмандатып, элдин тагдыры менен ойногон болбойт.

Эгерде баалардын өсүшүн мамлекеттик деңгээлде мыйзам чегинде токтотпосок, анда жакыр жашаган элдин жашоо-тиричилиги мындан да оор, кыйын абалга туш келип, жогорку бийликке болгон ишеними басаңдап, чоң нааразычылыктар болуп кетиши да ыктымал. Ошондуктан Кыргыз Өкмөтү экономикалык кризистен чыгуунун программасын министрлер менен бирге иштеп чыгып, баа саясатын парламентте талкуулап, баардык бааларды ооздуктап, чек кое турган мыйзам кабыл алып, тез арада чечкиндүү кадамдарга барбаса болбойт.

Учурда көптөгөн адамдардын ой-сезимдеринде үй-бүлөңдү багуу үчүн кантип акча табам деген көр тиричиликке байланыштуу көйгөйлүү маселелер ээлеп алды. Себеби, айтылгандай баалар асмандап, маяна, пенсия көбөйбөй ошол бойдон турса кантип жакшы жашайсың. Бир жылда бир жолу пенсияга 50 сомдон, ал эми айлыкка беш жылда бир жолу 20 пайыз кошулганы болбосо, мындай пенсия, маяна менен азыркыдай шарттарда жакшы жашоо дээрлик мүмкүн эмес.

Азыр бийлик бутагында олтурган жогорку даражадагы чиновниктер, депутаттар карапайым элдин жашоо-турмушуна көңүл буруп, азык-түлүк коопсуздугун оозеки эмес, иш жүзүндө жүзөгө ашырып, бааларды туруктуу бир калыпка келтирип, шылуундардын, алып-сатарлардын тизгинин тартып, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ак дилинен кызмат кылууну турмуш өзү талап этүүдө.

Өлкөбүздө стабилдүүлүк, экономикалык жактан өнүгүү болсун десек, эң оболу бааларды ооздуктап, элдин курсагын тойгузуп, бардар турмушту камсыз кылуу – бийлик бутагында олтурган ар бир чиновниктин, эл шайлаган ар бир депутаттын ыйык милдети жана адамдык парзы.

Данияр ШАБДАНОВ

 

 

 

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:24

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина