Бүгүнкү күндө дыйкандарды түйшөлткөн маселе…

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:07

Бүгүнкү күндө дыйкандарды түйшөлткөн маселе…

14 Жаз жарыш, күз күрөш демекчи, Жайыл районунда күзгү тушум жыйноо иштери аягына чыгып,     айдап-себүү кампаниясы тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын Жайыл районунун Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти. Ооба, ыйык Жер эне аптаптуу жайдан кийин, адамдар алдында жаратылыш тартуулаган ыйык милдетин аткарып, жазда кайрадан түшүм берүү ниети менен терең эс алууда. Баба дыйкандар үчүн түйшүк түгөнбөйт эмеспи. Түшүм алгандан кийин тобо кылып, жерди семирткичтер менен байытып, кышында кардын мол болушун күтүп, жазында жерди айдап, үрөөн себип, жайында сугат иштери менен алек болуп, жаны тынбаган, жер иштеткен эмгекчил мекендештерибизге таазим. Азыркы каатчылык убакытта баарыбыз жерге ишенгени биз ишенген. Жер бизди багат, асырайт. Дыкандарга Жараткан күч кубат берсин.

Жайыл районунда 76 546 гектар   айдоо жери, анын ичинде  40639 гектар, 39907 гектар кайрак, мамлекеттиик фонддогу айыл чарба жерлери -19265 гектарды түзүп, анын ичинде сугат -8181 гектар жер, 11 084 гектар кайрак, 166180 га жайыт жерлери бар.

Бүгүнкүкүндө кант кызылчасынказууөнөктүгүаяктапкалды. 2020-жылдын 26-октябырына карата таттуутамырсебилген 983 гектардын 812 гектары казылып, 82% ишаткарылды. Калган 171 га аянт бир жуманын ичинде казылып бүтөт деген ишеним. Айта кетчү нерсе, эгерде 2019-жылы бир кап кумшекердин баасы 1300 сом болсо, 2020-жылы 2250 сом болууда. Бул Жайыл районунун дыйкандары үчүн жакшы нерсе.

Күзгү талаа жумуштарынын жүрүшүндө 2021-жылдын түшүмүнө карата жер айдоо планы 28 миң гектар болсо, 23230 гектар айдалып, жалпы иштин 83 % түздү. Октябрда жааган жаанга жер менен алектенген эл ыраазы. Жамгырдан улам жерди айдоодо жеңил болду да, себилген куздүк эгиндин жакшы чыгышына шарт түзүлдү.

Жайыл районунда күздүк эгиндер 19745 гектарга себилет деп божомолдонгон. Бирок  13330 гектарга гана дан себилип, алдыга койгон пландын 67% гана аткарылды. Ал эми күздүк буудайды себүү планы 18 300 гектар болсо, 11620 гектар себилип, койгонпландын 63% түздү, ал эмикүздүкарпа 1445 гектардынордуна 1710 гектарга себилип пландын 118 % түздү. Көңүл жылыта турган кабар-быйыл кылкандуу дан эгиндерин себүүдө мамлекеттик дотация менен үрөөңчүлүк чарбалардан дыйкандарга себүүчү материал берилүүдө. Айта кетсек, Жайыл районунда орун алган, бүткүл Кыргызстанга атагы чыккан “Райымбек” жана “Жайыл” чарбаларынан 53,5 тонна үрөөн бөлүнүп берилди. 2020-жылдын түшүмүнөн материалдык резервдер фондуна 898,6 тонна аштык буудай тапшырылыш керек. Бүгүнкү күндө Кара-Балтадагы “ Дан” мамлекеттик ишканасына 512 тонна буудай өткөрүлдү. Бул жалпы көлөмдүн 57% түзөт. Аталган багытта иш кызуу жүруп жатат.

Айыл чарба иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн, албетте насыялар керек. “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоору боюнча 176 жаранга 112,135 млн. сом насыя берилген.Анын ичинде таалачылык иштерге 27 кардарга 20, 080 млн. сом, мал чарбачылыгына 147 кардарга 78, 355 млн. сом,  кайра иштетүү ишканаларына 13,7 млн сом насыя берилген.

Элет жериндеги дыйкандарды техника менен камсыз кылуу максатында Жайыл районунда найтыжалуу иштер жүрүүдө. Айыл чарба техникаларын лизингке берүү 16,564 млн. сомго ашырылды. “Кумтөр” чакан компаниясы 281 дыйканга 13,835 млн. сомдук насыя берди. Ал эми Кепилдик фонд аркылуу бир жаран 640 миң сом алды.

Кыргызда үрөн сепкенде «менин колум эмес, баба-дыйкандын колу»,- деп себет. Орок салганда, же кырман салганда «баба-дыйкан берекесин бер» деп тилек кылат.   Ар бир дыйкандын ниети, каалосу акталса кыргыздын ар бир  үй-бүлөсүндө барчылык -молчулук  өкүм сүрүп, дасторкону нанга толо болот.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:07

Приемная кампания 2020

Элдик медицина