Бүгүн Бишкекке Кувейттен Кыргызстандын жарандары келди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 13:16

Бүгүн Бишкекке Кувейттен Кыргызстандын жарандары келди

15 Бүгүн, 30-июнда Кувейттен Бишкекке 102 кыргызстандык жаран алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

«Бул каттам дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР президенти жана өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды»,- деп айтылат маалыматта.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

«Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда», — деп билдиришти министрликтен.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 13:16

Приемная кампания 2020

Элдик медицина