Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт
Бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт..
Бүгүн салык органдары салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алышат.
Салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
— мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери,
— жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,
— менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,
— юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.
Жарандар 1-апрелге чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү.