Б.Болотбеков,: «Бейтаптарды кабыл алуу автоматташтырылган»

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 17, 2019 20:52

Б.Болотбеков,: «Бейтаптарды кабыл алуу автоматташтырылган»

10 Чүй облустук бириккен ооруканасынын башкы директору, Медицина илимдеринин кандидаты Б.А. Болотбеков өзү жетектеген оорукананын жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

- Кийинки мезгилде баардык тармактарда автоматташтыруу, санариптештирүү жүрүп жаткан кез. Бул багытта сиздерде эмне жаңылыктар жана өзгөрүүлөр болуп жатат?

— Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгына ылайык, биз дагы мезгилден, башка мамлекеттик ведомстволордон артта калбастан санариптештирүүнү ишке ашырдык. 2016-2020-жылдарда өкмөттун токтому менен электрондук саламаттык сактоо программасы киргизилген. Тактап айтканда, бардык медициналык иш кагаздары, медициналык карталарды электрондук вариантта иштөөгө өткөн. Бул пациенттер менен дарылануучунун ортосундагы байланышта маалыматтык-коммуникациялык технологияны колдонуу менен жарандарга медициналык каттоону жана медициналык жардамды жакшыртуу максатында Чүй облустук бириккен ооруканасында 2018-жылдан бери ишке аша баштаган.

- Санариптештирүү боюнча кандай конкреттүү иштерди айта аласыз?

— Конкреттүү иштерге токтолсом, Чүй облусу боюнча Жайыл райондук ооруканасында, Токмокто жана Чүй облустук бириккен ооруканасында бейтаптарды кабыл алуу системасы автоматташтырылган. Биринчиден, бейтап кабыл алуу бөлүмүнө киргенден баштап компьютердик системага кигизилет, керектүү текшерүүлөр (ЭКГ,УЗИ, анализдер) ошол замат оорукананын баардык керектүү бөлүмүнө жетет. Экинчиден, бейтап кайсы бөлүмгө жатса ошол бөлүмдүн дарыгерине дароо электрондук маалымат жеткирилет. Үчүнчүдөн, дарыгерлердин ооруган адамдарды дарылоосу электрондук системага түшүрүлөт. Төртүнчүдөн, бул маалыматтардын баары электрондук системага түшкөндө кагаз жумуштарынын баары кыскарат, бейтаптарды кабыл алууда бюрократиялык бөгөт болбойт, эң негизгиси, убакытты абдан үнөмдөйт. Мындан башка биздин ооруканада MEDARGUS системалаштыруу долбоору ишке ашырылган. Бул долбоордун негизинде дарыгерлер бейтаптын абалы тууралуу маалыматты баардык интернет алып жүрүүчү каражаттар аркылуу өзү кай жерде болбосун ала алат. Мындай система ар бир бейтаптын керебетинин жанында турган монитордун жардамы менен маалыматтар серверине же борбордук байкоо станциясына берүүсүн ишке ашырат. Бул медицина кызматкерлерине учактын “кара кутучасы” сыяктуу кызмат кылат. MEDARGUS долбоору тууралуу врач анестезиолог-реаниматолог Волкович Олег кененирээк айтып берсин.

Волкович Олег Викторович, врач анестезиолог-реаниматолог:

Бул долбоор дарыгердин ишмердүүлүгүн камсыз кылат.Анткени ал баардык жерде, дүйнөнүн кай жеринде болбосун бейтаптын абалына байкоо жүргүзө алат. Аппарат бейтаптын кан басымын, жүрөгүнүн согушун, дене табын, негизги баардык көрсөткүчтөрүн айтып турат. Мындан тышкары, ал искусстволук акыл-эс менен жабдылгандыктан ооруп жаткан адамга жардам көргөзүлгөндөн кийинки абалын да алдын ала айта алат. Дарыгер ошол аппарат берген маалыматтын негизинде иш алып бараганга толук мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

Станбек Мамыралиев

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 17, 2019 20:52

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина