Ажары кооз аймактардын бири Бурана

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 08:11

Ажары кооз  аймактардын бири Бурана

22   Быйылкы жаз айында  нөшөрлөгөн жаан тынбай жаап, аба ырайы улам өзгөрүлүп жатканы дыйкандарды түйшөлтүүдө. Анткен менен бозоргон талаалар көк-жашылдан чапан жамынып, кызыл –тазылдан көйнөк кийип ажайып, көргөн көздү суктандырат. Томсоргон тоолордун көркү ачылып, кооздугуна сугум артып, жол бою көзүмдү албай бара жаттым. Сары-Өзөн Чүйдүн жаратылышынын сулуулугу ай, кандай керемет жерибиз бар. Айылдардын ажары ачылып, алма бактар гүлдөп бүрүн ачып,  эми өрүктөр түйүлүп калган экен. Дегеле  күнүмдүк көртирлик менен алектенип жүргөнүбүз менен жергебиздин ушунчалык кооз экенине көӊүл бурбай, маани бербей жашап келе жатканыбыз менен мекенибизге  башка өлкөдөн коноктор, туристтер  келип суктанышып, тамшанып кетип жүргөнү чындык эмеспи. Мына ошондой кооз жерлердин бири Чүй районундагы Бурана аймагы болуп саналат. Байыркы касиеттүү Бурана мунарасы  айылдарга жакын жайгашкандыктан бир учурларда ажары кооз айыл аймакка  Бурана мунарасынын ысымы ыйгарылган.

Бүгүнкү күндө аталган айыл аймакты  Канатбек Ашымов жетектеп келүүдө. Ал  өткөн  жылдан тартып  айылга ички жана тышкы инвестиция тартуу менен  он эки долбоорду өткөргөн. Долбоор менен иштеп, айылдарда бир канчалаган жумуштар аткарылып келе жаткандыгы тууралуу төмөнкүдөй  маалыматтарды алып кайтканбыз. Бүгүнкү күндө көпчүлүк айылдарда эски имараттар каралбай калганы маалым. Ошондой эле аталган айылдын аймагынын эски имаратын капиталдык ремонттон  толук оӊдоо үчүн түрткү берүүчү грант аркылуу 3 млн.881,0 миӊ сомго долбоор жазылып, анын ичинен өздүк салымы 881,0 сомду түзгөн. Учурда 70% аяктап, 2017-жылы аба ырайынын өзгөрүлүп суук болуп турганына байланыштуу убактылуу токтотулуп, жаз мезгили келгенде иш жанданып, башталган иштер аягына чыгып бүткөрүлгөн.

Азыркы учурда көпчүлүк айылдарда ичкен сууга зар болгондор жок эмес. Ал эми Бурана айыл аймагында өнүктүрүү саясат институту аркылуу Швецария өлкөсү тарабынан каржыланган 1 млн. 900 миӊ сом өлчөмүндөгү “Суу  адамдын өмүрү”  долбоору боюнча ишке ашып, Кыпчак айылын айландырылып суу түтүкчөлөрү алмаштырылып өктөрүлгөн. Бул учурда иш толугу менен аяктап, Дөӊ-Арыктын жашоочулары үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болгон. Ага өздүк салымдан 900 миӊ сом сарпталган. Мындан тышкары ошол эле өнүктүрүү саясат институту аркылуу  “Коомдук угуу” сынагына катышып 30,0 миӊ сом байгеге ээ болуп, 10 стул, 1 диван алынган. Келечек муундарды тарбиялоо жаатында “ Балдар биздин келечегибиз” сынагы өтүп, андан 10,0 миӊ сомго “Келечек Дөӊ-Арык” бала бакчасында тарбияланган бөбөктөргө оюнчуктар алынып берилген.

Көп жылдан бери жергебиздеги айыл өкмөттөр АРИС программасы менен иштешип келе жатышат. АРИСтин “Жайыт” комитетине дыйкандар үчүн техника алуу үчүн атайын долбоор түзүлүп өтүп, эки тараптуу  келишим менен 2 млн.680 миӊ сомго каржыланган. Ал эми өздүк салымдан 940 миӊ сом сарпталып, ал техника колдонууга берилген. Азыркы кезде көпчүлүк жаш жетекчилер долбоорлор менен иштешип келе жатышканы жакшы жөрөлгөгө айланган. Мисалы, “Султан” долбоорун иштеп чыгууга атайын тендер өткөрүлгөн. ТОО Тамас жана ОсОО Минур ишканалары менен 136 млн.сомго келишим түзүлүп, иш башталып 2019-жылы айылдын эли таза суу менен толук камсыз болушат.

Бурана айыл өкмөтүнө  Мээнеткеч айылы кирет. Айылда буга чейин бала бакча болгон эмес. 2015-жылдын 30-сентябрында бала бакчанын пайдубалынын капсуласы коюлган. 2015-жылы республикалык бюджеттен  капиталдык салымдар беренеси боюнча 20 млн.500 миӊ сом акча каражаты каралып, 70 орундуу бала бакчанын курулушу башталган. 2016-жылы 6  млн. сом акча каражаты сарпталып, анын пайдубалы түптөлүп, 14 млн.500 миӊ сом бөлүнүп, курулуш иштери жүрүп жатат. Бала бакча толугу менен бүткөрүлгөн, жакынкы арада анын ачылыш аземи күтүлүүдө.

Айылдардагы мектептерде балдарды ысык тамак  камсыз кылуу маселеси жакшы каралгандыктан КР Өкмөтүнүн Чүй облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна 517,0 миӊ сомго долбоор жазылган. 323113 миӊ сомго А.Жансеитов  атындагы мектептин тамак берүүчү жайы “Он бир жылга Канимет” жоопкерчилиги  чектелген коому аркылуу капиталдык оӊдоп-түзөө иштери толук аяктап, пайдаланууга берилген. Ошондой эле “БУУ ДАТПнын” КР мектептерине тамантандырууну жакшыртуу максатындагы программасынын алкагында “Калча” орто мектеби пилоттук мектептеринин бири болуп киргендиктен жергиликтүү бюджеттен 281,0 миӊ сом акча каражаты тамак берүүчү жайды капиталдык ремонттон  өткөрүлүп, учурдун талабына ылайык жасалгалоодон өтүп, пайдаланууга берилген. Бир канча жылдан бери облустун аймагында жайгашкан көпчүлүк айыл аймактарга эл аралык “Хьюмен Эппиел Интернейшнл” уюмунун чоӊ жардамы тийип келе жатканына күбө болуп келүүдөбүз. Аталган уюм Бурана айыл аймагына караштуу Алга айылына 1 млн.700 миӊ сомго  ФАП  куруп берген.

Аталган айыл өкмөттүн эмгек жамааты көптөгөн долбоорлорго катышып келишет. Андыктан КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Германия мамлекетинин Ханнс Зайдель фондусу каржылаган “Ачык –айкындуулук паспорту” долбооруна катыша алышкан. Демек, бул долбоордун эӊ жакшы жагы болуп республикага келген инвестицияларды түздөн-түз алууга шарт бар экендиги кубандырат.

Азыркы кезде көкчүлүк айылдардын ички көчөлөрүндө жана борбордук көчөлөрдө түнкү жарык шамдарынын жоктугу жашоочуларга терс таасирин тийгизип жатканы байкалат. Ал эми Дөӊ-Арык айылынын борбордук көчөсүн түнкү жарыктандырууга Чүй облусунун өнүктүрүү фондусуна 1 млн.284552 миӊ сомго 2715 метр аралыкка жарык коюуга долбоор даярдалып жазылган. Бүгүнкү күндө анын жыйынтыгы күтүлүүдө.

Мына ушундай  долбоорлор менен иштелип чыккан айылдын ичиндеги көп жумуштар бүткөрүлүп келе жатканынан кабар алдык. Айыл өкмөт башчы Канатбек Ашымов бүгүнкү күндө   туулган айылына пайдалуу жумуштарды бүткөрүү менен алек. Жаз жарыш дегенибиз менен жарышкан жаз айы аяктап, жадыраган жай айы босогону аттап келди. Ал эми кычыраган кышка дагы убакыт бар. Жайдын толукшуган мезгилин пайдаланып, күндүн жылуусунда бүткөрүүгө дагы көптөгөн жумуштарды алдыга максат кылып коюшкан. Андыктан, айыл аймак башчысына жана эмгек жамаатына ийгиликтерди жана жемиштүү  жетишкендиктерди тосуп алышына тилектешбиз.

Кундуз Тойбаева

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 08:11

Парламент

Элдик медицина