Аял затына миң кеңеш

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2019 11:05

Аял затына миң кеңеш

11 Калканчы кенен шляпа

Жараксыз болуп калган жука кийимдериңизди эмне кылууну билбей жатасызбы? Анда кичинекей кызыңыз болсо комплект кылып кийим тигип берип коюңуз. Өзгөчө кебезден токулган чүпүрөк болсо баш кийим ысыктан жакшы калкалайт жана жайкы сезонго актуалдуу болот. Ал үчүн балаңыздын башына болжолдоп  5 см. диамердеги тегерек кылып эки дана кесип аласыз. Андан кийин 9 см. бийиктиктеги эки капталынан төрттү, 12,5 см. бийиктиктеги кайырмадан төрттү кесип аласыз. Эми бычылган капталдар менен кайырманы эки экиден бириктип алабыз. Андан кийин алгач төбөсүнө бириктирип алып, кайырманы кошосуз. Капталдарынын бир тигишин ачык калтырыңыз, ал жерден шляпаны бетине которуп аласыз.  Эми экөөнү беттеп бириктирип алыңыз. Шляпаны бетине которуп ачык жерин ийненин жардамы менен тигип коюңуз. Ойногону чыкканда кийе берчү жеңил шляпа даяр.

Түстүү кагаздан жайкы күн

Түстүү барактардан ар түрдүү нерселерди жасоо баланын аң сезиминин өсүшүнө көмөктөшөт. Андыктан бош убактыңыз болсо балаңыз менен түрдүү оюндарды ойноп турууңуз шарт. Күндү кооз кылып жасоонун дагы бир жолу,  эки түстөгү саргыч кагаз клей жана кайчыны аласыз. Кагаздын күңүрттүн төрт чарчы кесип алып аны алтыга бүктөп, сүрөттөгүдөй кылып уч чыгарып кесип алабыз. Эми аны жазып ортосуна ачык түстөгү кагазды стакандын жардамы менен тегерек кылып кесип алган кагазды чаптайбыз. Күндүн көзүн кагаздан же жөн гана калемдин жардамы менен тартып койсоңуз болот.

Желатин бырыштын душманыбы?

Бетимди бырыш басып баратат деп тынчсызданган айымдарга желатин колдонуу менен майда бырыштарды жазып, агартып, жумшартып, кан айланууну жакшырта аласыз. Себеби желатинде сиздин териге керектүү микро жана макро элементтер бар.

Желатиндүү бет май

Бир чай кашык толтура желатинге 0,5 стакан суу, 3 аш кашык бал, 0,5 стакан глицерин жана 1 гр. салицил кислотасын кошосуз. Баарын аралаштырып кайнак сууга идишин салабыз. Баары ээрип, бирдей масса болгондо суудан чыгарган боюнча жакшылап чалабыз. Даяр болгон бет майды уктаар алдында жарым саат мурун таза жуулган териге коесуз. Ашыкча болуп сиңбей калганын чүпүрөк менен сүртүп кеосуз. Бул бет майды муздаткычка сактап бир айдан ашык колдоносуз.

Жашартуучу банандуу желатин маскасы

Эки чай кашык кайнак сууга бир чай кашык желатин салып ээритип алабыз. Ага эки чай кашык эзилген бананды салып аралаштырып, териге текши сыйпап жарым саат коебуз. Масканы колдонууда маска даярдалган идишти ысык сууга салып коюңуз. Болбосо желатин катып калат.

Баш оорудан кутулабыз

Кээде тынымсыз ооруп адамдын тынчын алган баш оору бир топ кыжаалат кылат. Олуттуу оорусу жок баш оору көбүнчө кан тамырлардын  кысылып башташынан, остеохондрос сыяктуу оорулардан улам тынымсыз ооруйт. Андыктан олуттуу ооруга айлана электе кан тамырларды тазалап көнүгүү жасап турушуңуз зарыл.

-Кан тамырды тазалоодо беш даана грек жаңгагын майдалап, ага бир аш кашык бал жана бир чымчым корица, имбир кошуп, бир суткадай муздаткычка салып коесуз. Даяр болгон аралашманы үч маал тамак ичерге жарым саат калганда жылуу суу менен жеп алыңыз.

-Бир стаканга пияздын ширесин сыгып алып ага ошончо көлөмдөгү таза балды аралаштырасыз. Аралашманы үч маал тамактанаар алдында колдоносуз. Бул биргана кан тамырларды тазалабастан иммунитетти да көтөрөт.

Каттама

Жайдын ысыгында нан көп желбей башталат. Мындайда чөп чар аралаштырып каттама жасап койсоңуз болот. Ал үчүн сиз бир чыны айранга бир чыны сүттү аралаштырып, ага бир жумуртканы кошосуз. Биз аз туз татытасыз. Унду себелеп аралаштырасыз. Камырды орточо катуулукта жууруйсуз. Жарым сааттай тыныктырып коесуз. Эми камырды жука кылып жайып бетип камкаймак май менен болбосо өсүмдүк майы менен майлап аласыз. Эгерде пияз же жусей кошкуңуз келсе аларды майда туурап коюп, камырдын бетин майлагандан кийин текши сээп аласыз. Камырды оромо орогондой кылып ороп дагы бир жолу жаясыз. Бул жолкусунда өтө жука кылбайсыз. Жайылган камырды дагы бир жолу ороп ысыган нан бышыргычка салып кызартып бышырып аласыз. Келген конокко ысык бойдон тартсаңыз, каймак менен чайыңыз да таттуу болот.

Дамира СААЛИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2019 11:05

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина