Акыркы жаңылыктар
Атамбаев каза болгон чек арачынын жакындарына көңүл айтты
Алмазбек Атамбаев чек ара тозотунун башчысы Исмаиловдун үй бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Өлкө башчы ошондой эле жабыр тарткан чек ара тозотунун башчысынын орун басары Осмонов менен катардагы кызматкер Сагынбай уулуна керектүү медициналык жардамдын көрөтүлөөрүн билдирип, алардын тез арада сакайып кетүүсун каалады. Муну менен катар, президент өлкөнүн укук коргоо органдарына болгон окуяны тыкыр иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү табууну тапшырды.