Атактуу Акназаров арабыздан кеткенде…

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:10

Атактуу Акназаров арабыздан кеткенде…

12 Турмуш-адамдар үчүн чоң сыноо

… Акназаров, атактуу Акназаров… Арабыздан алыстаганы баарына өөн учурады. Уккандын баары кайгырды. “Калкыбыздын ар-намысы эмес беле?” деген терең ойго чөмүлүшүп, улуу да, кичүү да тунжурады…

Ошол жекшемби күнү, 2019-жылдын 3-февралында Кыргыз улуттук драма театрында өткөрүлгөн кадыры бийик Улуу адамыбызды акыркы сапарга узатуу зыйнатына эл өтө арбын чогулду. Мунун өзү элдин эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мыкты уулга көрсөткөн зор ызаат-урматы, жалпы элдик жоктоо болду.  Коштошуу сөзүндө өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине бериле кызмат өтөгөн Корчубек Акназаров агайдын үлгү болуп келгенине, заманыбыздын залкарларынын бир экенине, ишине адамдык таза иман менен мамиле жасаганына, артынан кыпындай жаман сөз ээрчитпегендигине токтолгондугу жана уул-кыздарына, туугандарына, жакындапрына терең кайгыруу менен көңүл айткандыгы аза күтүүгө келгендердин көңүлүнө орноду. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, белгилүү ишмерлер Мукаш Базаркулов, Орозбек Дүйшеев көрүнүктүү инсаныбыз   Корчубек Акназаров жөнүндө өкүнүч сөздөрүн айтышты. Эл-журтуна эмгеги сиңген калк кадырманынын көз жумушу чогулгандарды өкүткө салды…

Корчубек Акназаров – элге кеңири таанымал ысым! Нурлуу жүзү, эмгекчилдигин туюнткан акылдуу көз карашы, таза дил-насили кайтадан-кайта ойго түшө берет. Элдин ой-туюмунда биротоло ушундай таризде калган, ар кимге кымбат адам экени, эми өзүн издеп таппай, өмүрүнүн бир учурун эске салган сүрөттөрдөн, абдан кыска, үстүртөн тартылып калган (кандай өкүнүчтүү!?) айрым бир мажүрөө теле көрсөтүүлөргө “тобо” кыларыбыз жанды эзет. Бул – табылгыс жана улуу инсаныбызга карата жасалган кандай пастык, кандай гана таш боордук?… Адамдын ой-сезиминде орноп калгандай сонун жагы жок, жалаң эле акыйнек айтышууларга, жамандап-каралоолорго кеңири орун берилген жүздөгөн, миңдеген көрсөтүү, уктурууларды элге таңуулагандан көрө, эмгеги, акылмандыгы, элди ойлогондугу, ак ниеттүүлүгү менен көрүнгөн, калктын муктаждыгын биринчи катарга койгон, ошого жараша элдин сүймөнчүлүгу болуп калган жөнөкөй жана улуу адамдын орчундуу элестери, табылгыс сөздөрү кеңири тартылып-чагылдырылса элдин көөнү тойбойт беле?!

Эр уул 1922-жылы Талас жергесиндеги Кызыл-Жар айылында төрөлүп, 19 жашында мугалим болсо, 20 жашка келгенде колуна курал алууга аргасыз болуп,  батыштан басып кирген ырайымсыз жоого каршы аттанган. Согушта өзүн көрсөтүп, 22 жашында коммунисттердин катарына алынды. Эл-жерине 1946-жылы кайтып келип, алыскы Чаткал өрөөнүндөгү мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болду. Андан соң, партиялык жана чарбалык кызматтарда мыкты жактары менен таанылды. 1961-жылы Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа райондук комитетинин биринчи секретары болуп шайланды. Жетекчилик шык-жөндөмү ошондо даана байкалды. Алыскы районду алдыңкылардын катарына кошо алды. 1966-жылдын 22-марты – өтө эмгекчил, кадыр-баркы бийик жетекчиге Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамы ыйгарылган күн болуп калды.

Адамдар менен иштеше билүүнүн, бардык жумуштарды жолго коюунун эң мыкты устаты катары таанылган Корчубек Акназарович Ак-Талаа районун жетектеген 11 жыл ичинде, андан кийин Кочкор районунун алдыга чыгышына зор эмгек жумшаган 16 жыл аралыгында ишти уюштуруунун, элди алдыга карай шыктандыра билүүнүн, бардыгы суктангыдай эң сонун үлгү-касиет көрсөтүүнүн аркасында калың журттун эң кадырлуу адамына , терең ызааттап-барктаган жетекчисине, элдик чыныгы лидерге айланды.  Кыргызстандын чегинде эле эмес, он беш союздук республикадан түзүлгөн абдан кең жана кубаттуу СССР мамлекетинин алкагында да өзгөчө барктуу жетекчи катары таанылды.

Мезгил өзгөрсө да, Кыргызстан эгемендикке жеткен оор, түйшүктүү жылдарда тилеги ак, акыл-эси тунук, пейили кенен, адамгерчилиги бийик атактуу Акназаров бир жолу да арман-капасын билдирген жок, мурда өзү аралашып иштеп-түзгөн советтик түзүлүштү жамандаган да жок, Кыргызстандын алдыга жылышын, оңолуусун гана самады. Ошого эл менен бирге батыраак жетүүнүн жолдорун издеп, не бир сонун сунуштары менен чыгып турганы, акыл-насаатын айтып келгени, көп жылдар бою республиканын Аксакалдар кеңешинин ардактуу төрагасы милдетин өзүнө таандык акыл-эстүүлүк менен орундуу аткара билгени – жаштарга эле эмес, улуулар үчүн да үлгү алаарлыктай мыкты касиет болуп саналат.

Өзүн кыйын саясатчы катары сезген көп адамдар жантыгынан жата кала жамандаган совет мезгилинин үлгү алаарлыктай жактары арбын болгонун, ошол мезгилдин чындыгы ачык ырастайт. Мунун айныгыс далили катары көсөм жетекчи Корчубек Акназаровдун эмгекте бийик сый-урматка жана сылыктарга ээ болушун ирээти менен көрсөтүп кетсек баары түшүнүктүү болот. Согуш майданында “1 даражадагы Ата Мекендик согуш” ордени жана бир нече медалдар менен, 1957-жылы – “Ардак Белгиси” ордени, 1964-жылы – “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы, 1966-жылы – Ленин ордени, 1971-жылы – Эмгек Кызыл Туу ордени, 1973-жылы – Октябрь Революциясы ордени, 1976-жылы – кайрадан Ленин ордени, 1982-жылы – кайрадан Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланды. Мындан сырткары эки мөөнөт аралыгында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө кандидат жана мүчөсү болду. Кыргыз ССР Жогорку Советине эки ирет депутат болуп шайланды.

Анан эмне болду? Өз учурунда, эгемендиктин алгачкы жылдарында жалпы журтубуз кадырлаган Корчубек Акназаровго жок дегенде “Манас” орденин ыйгаруу, саны арбын, сапаты көңүлгө толбогон толгон жетекчи-билермандардын оюна келбеди го? Бул учурду  унутта калган Акназаровдун жылдары десе болот го?

Атактуу Акназаров агайыбыз арабыздан кеткенде көп адамдардын оюнда ушулар болгон чыгаар…

Курманбек РАМАТОВ, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик кызматтын биринчи класстагы кеңешчиси

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:10

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина