Аскарбек Шадиев кантип байыган…

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2018 08:26

Аскарбек Шадиев кантип байыган…

7 УКМК Шадиев менен жакын тууганынын мүлкүн камакка алганын жар салды. Кеп бир нече батир менен турак үй жана 12 компаниядагы үлүш тууралуу болууда.

Апрель айынын соңунда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш жаза кодексинин «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Депутаттын өзү чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кеткени маалым.

Жакында эле УКМК Шадиев менен жакын тууганынын мүлкүн камакка алганын жар салды. Кеп бир нече батир менен турак үй жана 12 компаниядагы үлүш тууралуу болууда. Sputnik Кыргызстан депутат менен жакын тууганы экөөнүн киреше тууралуу декларациясына көз чаптырып көрдү.

2015

2015-жылдын жыйынтыгы менен Шадиев 99,4 миң сом тапканын, 420 чарчы метрлик үйгө ээ экенин жана эки компанияда 50 пайыздык үлүшү бар экенин билдирген. Анын жакын тууганы 6,2 миллион сом киреше таап, эки имаратка (1200 чарчы метр), төрт ачык акционердик коомго (үлүшү белгисиз), Toyota Land Cruiser 150 унаасына ээлик кылары көрсөтүлгөн.

2016

Депутат негизги иштеген жеринен 890 миң сом тапкан. 420 чарчы метрлик үйгө жана эки компанияда 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон. Жакын тууганы 5,6 миллион сом киреше көрсө, анын 146 миңи негизги жумушунан, ал эми калган каражат ижара акысы менен ишкерликтен көргөн пайда эле. Анын атына мурункудай эле унаа менен эки имарат катталса, компаниялар жок калган. Тууганы 2016-жылы 1,7 миллион сом короткону белгилүү болду.

Үй, унаа, фирмалар. Шадиевдин УКМК камакка алган мүлкүнүн тизмеси жарыяланды

2017-жылга карата декларация жарыялана элек.

Шадиев 6-апрель күнү биринчи вице-премьерликтен кетүү боюнча арыз жазган. Өлкө башчы тийиштүү жарлыкка кол коюп берген. Бирок Шадиев депутаттык мандатын сактап калды.

Кылмыш ишин козгоого Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закировдун 2 миллион сомду ыйгарып алуусу себеп болгон. Катка комитеттин төрагасы Шадиев кол коюп берген. Кызматтан кетүү чечимин Шадиев өкмөттүн ишине көлөкө түшүргүсү келбей турганы менен түшүндүргөн.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2018 08:26

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина