Аскар Токоев атындагы мектептин мугалимдери, окуучулары Президентке ыраазычылык айтышты

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 3, 2018 16:06

Аскар Токоев атындагы мектептин мугалимдери, окуучулары Президентке ыраазычылык айтышты

4 1-декабрь күнү Чүй районуна караштуу Арпатектир айылында Аскар Токоев атындагы мектептин спорт сарайынын ачылышы болду. Ачылыш аземине Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов жана Чүй районунун акими К.Апбасов катышты.

Мектептин директору Наматов Нурбектин айтымында, 2017-жылдын апрель айында катуу жер титирөөдөн кийин мектептин спорт сарайы жарактан чыгып, окуучулар кирүүгө өтө коопсуз абалда болуп калган. Аны Өкмөттөн атайын комиссия келип текшергенден кийин ӨКМ “жараксыз”-деген кортунду чыгарып берген эле. Ошол убактагы Өкмөт башчы, азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков келип, кайра куруп берүүгө чечим чыгарган экен.

“2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата Чүй облустук капиталдык курулуштун каржылоосу менен 23млн.сомго кайрадан мектептин спорт сарайын куруп берди. Өзүңүздөр көрүп тургандай заманбап жабдуулар жана жууна турган, чечине турган (Гардеробная) жайлары  менен курулду. Мен ушул мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып, Президентибиз Сооронбай Шариповичке жергиликтүү элдин жана окуучуларымдын, мугалимдеримдин атынан ыраазычылык билдирип кетким келет”-деди  мектептин директору.

Айнаш Акматова:  

Өзүңөр көрүп тургандай биздин айыл төөнүн башында. 2017-жылы 4,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, мектептин спорт залынан жаракалар кетип, өтө эле коркунучтуу абалга келип калган эле. Ошондогу Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков келип, кайра жаңы спорт залын салдырып берем-деп сөз берген. А биз болсо: Чиновниктердин баягы көп сөзүнүн бирөө –деп койдук эле. Азыр жергиликтүү тургундардын бары Президентибиз айтканын аткарган адам экен –деп ыраазы болуп жатышат – деди.

Ал эми окуучулар сүйүнгөнүнөн жаңы салынган спорт сарайынын ичиндеги жасалгаларын, футбол, волейбол ойноо үчүн атайын даярдалган торлорду, залдын ичиндеги мыкты жасалгаларды көрсөтүп, балалык мактанууларын, сүйүнүчтөрүн жашыра албай жатышты.

Нурзада Акмат

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 3, 2018 16:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина