Арпачиев: Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары 17 медаль тагындык

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 30, 2018 10:21

Арпачиев: Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары 17 медаль тагындык

7-Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары 16 медаль тагынып, Азиянын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүүдө. Алсак, кыргыз спортчулары 8 күн ичинде 2 алтын, 5 күмүш жана 9 коло медаль тагынышты.  Алтын медалдарды жиу-житсу боюнча Төрөкан Багынбай уулу, жеңил атлетика боюнча Дарья Маслова алышканы маалым. Мына ушул Азия чемпионатында байгелүү орундарды алган спортчуларга мамлекет тарабынан кандай сыйлык берилет?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев менен маектештик.

Азия чемпионатында байгелүү орундарды алган спортчуларга мамлекет тарабынан кандай сыйлык берилгени жатат?

Азыркы тапта спорт агенттиги Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчуларга сыйлык берүү боюнча долбоор даярдап өкмөткө өткөрүп берди. Андагы сунуш боюнча,

1-орунду ээлеген спортчулар: 1 миллион 250 миң сом;

2-орунду ээлеген спортчулар: 750 миң сом;

3-орунду ээлеген спортчулар: 500 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушат.

Машыктыруучуларына да сый акы берилип келчү эле. Бул ирээт аларга кандай каралды?

Албетте,  жеңишке жеткен спортчулардын ийгилик булагы машыктыруучулары болгондуктан, устаттары четте калбайт.  Спортчулардын ашыктыруучуларына дагы акчалай сыйлык тапшырылат. Тагырагы сумманын 25% машыктыруучуга берилиши керек болот. Ошондо сумма төмөндөгүдөй бөлүнөт:

1-орунду ээлеген спортчунун жеке жана башкы машыктыруучулары — 312 миң 500 сом,

2-орунду ээлеген спортчулардын машыктыруучулары — 187 миң 500 сом

3-орунду ээлеген спортчунун машыктыруучулары 125 миң сом сыйлык алат.

 

Катышып келгендерге көңүл жубатарлык белектер каралганбы же жеңүүчүлөр гана алабы?

Негизи катышуучулар өкмөт тарабынан каржыланды да. Анан сыйлыктар жеңүүчүлөргө гана берилет. Ал эми байгелүү орунга илинбей калгандарга сыйлык берилбесе да, жакшы тилектер айтылып, өзүнчө көңүл бурулат.

Негизи эле сыйлыктардын наркы, көлөмү чоңоюп жатабы?

Ооба, спортко көңүл буруу менен биргеликте спортчлурга колдоо да жыл сайын жакшырууда. Эл аралык деңгээлдеги чоң мелдештерде байгелүү орунду алган спортчуларга сыйлыктан тышкары стипендия да берилип келет. Азия оюндарында 1-орунду алган спортчулар буга чейин 45 миң сом стипендия алса, эми ал сумма 75 миң сомго чейин көтөрүлдү. Буйруса, бул стипендияны Индонезиядан алтын алган спортчуларыбыз алып калышат.

Сыйлыктар качан берилет? Каражат булагы аныкталдыбы, көйгөй жаралбайбы?

Так убактысы, булагы кыска мөөнөттө аныкталат деп турабыз. Биз азыр тишелүү документтерди даярдап,  сунушту өкмөткө киргиздик. Өкмөттүн жообун күтүп жатабыз.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 30, 2018 10:21

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина