ARIS уюму Чүй облусунун мал доктурларына керектүү жабдыктарды берди

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 13:42

ARIS уюму Чүй облусунун мал доктурларына керектүү жабдыктарды берди

4 Мал чарбачылыгында жаңы өзгөрүүлөр, жаңылыктар болбосуноблустагы малчылар биринчи кабардар болуп турушат. Мындан сырткары мамлекет жана эл аралык уюмдар тарабынанкаржыланып, мал жандыктар ылаңдан сак болушуна өбөлгөлөр түзүлүп турат. Союз тарагандан бери облуста мал чарбачылыгы менен алектенгендердин саны арбып, асыл тукум малдарды багуучулардын саны көбөйдү. Малды өз учурунда эмдеп караса жарандарыбыздын  дени сак болот. Фермерлер өз иштеринде мал доктурлардында жардамына муктаж болгондуктан ар дайым  эриш аркак иш алып келишет. Кандай жугуштуу ылаң болбосун жеринен дарылап, асыл тукум малдардын ден соолугуна зыян келтиришпейт.

Жайдын ысык саратанында Чүй облусунун жалпы райондорунун мал доктурларына ARIS уюму тарабынан жабдууларды тапшыруу жана окутуу  иш-чарасы болуп өттү. Ага облустун алыскы жана жакынкы райондорунан мал доктурлар катышып, өздөрүнө керектүү жабдуулар менен камсыз болушту. Мал доктурлар иш учурунда кийүүчү халат, резина өтүк жана дары-дармектерди сактоочу муздаткыч, ар дайым жанында керектүү буюмдарын салып жүрүүчү сумка сыяктуу мал доктурдун ар бир кадамында керек болуп туруучу бир топ буюмдарды алып кубанышып калышты. Көргөндүн көз жоосун алган акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар чүйлүк ветеринарлардын ишин илгерилетип, фермерлерге заманбап кызмат көрсөтүп, келечекке дени сак мал менен кадам таштоого чоң салым кошот деген ишеним чоң. Себеби дегенде азыркы учурда мал чарбачылыгында эмгектенген фермерлердин эң негизги көйгөйү мал жандыктарынын тез арада ар кандай ылаңга кабылып, кырылып калуусун алдын алуу. Албетте фермер доктур болбогондон кийин кээ бир ылаңдардын  башталышына маани бербей калат. Бир эле малдагы ылаң бир топ малга жугуп кетет.  Мындай учурларда малдардын ар кандай ылаң оорулары менен орушу бир гана малга эмес адамдардын да ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Демек биздин жашообузда фермердин мал чарбачылыгында мал доктурдун орду абдан чоң. Андыктан дени сак келечекти түзүүүчүн албетте мал чарбачылыгына болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. Себеби Кыргызстан мал чарбачылыгына ылайыкташкан өлкө болгондуктан, эт продукциясын тынымсыз пайдаланып келишет. Ошондонулам мал багууда этияттык менен малга кам көрбөсөк, малга жуккан ар кандай ылаңдар пайда болуп малдардын кырылып калуу коркунучу бар. Ошондуктан аныалдын алууну ишке ашырбасак болбойт. Малчыларга жана мал доктурларга жакшы шарттарды түзүп берип, жардам көрсөтүү максатында ARIS уюмубир топ иштерди алып барышууда.Буга чейин мал доктурларга алыскы жайыттарга отурукташкан малчыларга учурунда барып малга көз салып, ылаңы болсо дарылап турууүчүн мотоцикл берилген эле. Бул мотоцикл менен канчалаган малчылар убагында дары- дармеги менен машина бара албаган жайлоолорго барып мал жандыктарга көз салып дарылап келишүүдө.

Б.ЖУСУПОВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 13:42

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина