Аракетчил Апин Тойчубаев жана “Ашуунун” атын чыгаргандар

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 29, 2019 11:44

Аракетчил Апин Тойчубаев жана “Ашуунун” атын чыгаргандар

3Эли жакшы, жери сонун Кыргызстан!

                        Жагымдуу маектешүү

…Бет маңдай тарапта ак карлуу ашуу. Андан ылдыйда карагайлуу тоо, бадалдуу коктулар. Төмөн жактагы биринен бири кооз ак кайыңдар менменсине көңүлдү өзүнө бурдурат.

Экинчи кабаты тактайдан жасалган, туш-тарабы бүт айнектелген чоң-чоң терезелер. Эс алып жүргөн адамдар, туристтер сырткы кооздукка суктана карашат. Кечки маал.

- Өзүңүздөрдү мында кандай сезип жатасыздар?

Катарлаш столдогу жаңы эле тамактанып бүтүшкөн жубайларга суроо узатылды.

— Баары жакшы, биз бул жерди абдан жактырабыз.

- Качан келдиңиздер эле?

— Эки күн болду. Бош убакыт болсо эле “Ашууга” жол тартабыз…

- Кай жерден болосуздар?

— Францияданбыз. Бишкекте турганыбызга бир жарым жыл болду. Эл аралык уюмда иштейм. Буга чейин да Кыргызстанда иштеп кеткем.

Анан тааныша кеттик. Шарлот Гурь арыкчырай, бойлуу, жүзүнөн жылмаюу кетпеген чап жаак жигит. Тоодо эс алганды, лыжа тепкенди, ат мингенди жана консультант болуп иштеген жумушун жактырат. Көңүл сергитип дем алганга, ишин так аткарганга көнгөн.

- “Ашууну” кимдер сунуштады? Кайдан билдиңиз?

— Кантип билбейм?! Менин тааныштарымдын баары “Ашууну” баалашат. Алардын сунушу абдан туура болуп чыкты.

- Сизге “Ашуу” эмнеси менен жагат?

— Абдан ыңгайлуу, эс алуу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Тейлеген кызматкерлер да өз ишин мыкты билишет. Эркин эс алганга өтө ыңгайлуу. Жери абдан кооз, абасы таза, жайкысын салкын, кышкысын катуу ызгаары жок. Жылдын төрт мезгили тең адамга жагымдуу.

- Кыргызстан жөнүндө оюңуз кандай?

— Кыргызстандын эли жакшы, жери сонун! Мага баары төп келишкендей туюлат.

— Жакшы эс алыңыздар. Ой-пикириңиз менен бөлүшкөнүңүз үчүн ыракмат.

— Сизге да ыракмат.

Мындан соң бул жерден башка эс алуучуларды да жолуктурдук.

— Мында, “Ашууда” эс алуу бизге жагат. Бишкек жакшы, ал эми бул жер андан да сонун. Келгенде эле шаар кымгуутунан чарчаган сезим, дене-бой эс алып, өзүңдү жеңил сезесиң. Үчүнчү ирет келишим. “Ашууну” өтө жактырабыз,- деди Германиядан келип Кыргызстанда иштеген Александр Рузенбойтер.

— Биринчи келишим. Уул-келиним эс алдыралы дешти эле, мындай жерге туш болом деп ойлогон эмесмин. Абасы таза экен, жатаканасы да, тамак-ашы да жакшы экен. Бишкектен да көп алыс эмес,-деген оюн билдирди Бишкекте врач болуп иштеген Майрам Мергенбаева.

Жагымдуу маектешүү көңүлдү көтөрдү.

23 жылдык эмгек

Жери кооз, эли кең пейил Чоң-Кемин өрөөнүндө, Калмак-Ашуу айылында “Ашуу” аттуу конок үйүнүн ачылганына быйыл 23 жыл болот. Аны уюштурган Станбек Тойчубаев ал учурда жапжаш жигит болчу. Жогорку окуу жайынан туризм боюнча билим алган. Адеп ата-энеси, өзү жашаган үйдү гана пайдаланышкан. Аны бир аз оңдоп-түзөп, керектүү шарттарды түзүп, эс алуучуларды бир аз болсо да чет элден келген туристтерди кабыл ала башташкан. Анан бул иштин керектүү экенин түшүнүшкөндө ашкананы, тамактануучу жайды кеңейтип, эс алуучу бөлмөлөрдү, конференцзалды, бильярд ойноочу жайды курууга киришишкен. Ошондон эс алуучулардын, туристтердин агымы көбөйө берген. Бара-бара конок үйү 110 орунга жеткирилген.

Муну менен өнүгүү иш-аракети токтоп калган эмес. 2018-жылы кенен, жарык, таза, бардык ыңгайлуулуктары бар бассейн курулган. Эң сонун сауна да салынган.

Жанында болсо бассейн менен бирдиктүү комплекске кирген көп кабаттуу мейман үйү да курулууда. Бул курулуш дүйнөлүк алдыңкы стандарттардын деңгээлине жеткирилет.Ал эми мындагы бардык имарат-жайларды жылуулук, жылуу суу менен талаптагыдай камсыздоо үчүн мыкты жабдуулары бар жаңы от жагуучу жай ишке берилген.

Бул аймакта мурда болбогон жаңы ишти жүзөгө ашырууда демилгелүү, дайыма изденүүдө болгон Станбекке эмгеги менен элдин сый-урматына бөлөнгөн атасы Абдинасип-Апин Тойчубаев жана өтө мыкты экономист, алдыңкы идеяларга бай иниси Төлөндү өзгөчө колдоо көрсөтүштү. Көптөгөн жардамдарын, акыл-кеңештерин беришти.

Аракетчил Апин жана айылдагы көйгөйлөр

Бала кезинен мээнеткеч, аракетчил Апин айылы үчүн көп эле эмгек жумшады. Совхоздо тракторист, шофёр, картошка өстүрүү боюнча звеновой, авто-трактор мастерскоюнун башчысы, башкы инженер болуп иштеди. Дайыма жакшы иши менен көрүнө алды. Бир канча ирет айылдык кеңешке депутат болуп да шайланды.

Көп тармактуу Чоң-Кемин совхозу өз-өзүнчө жеке дыйкан чарбаларына таркатылгандан кийин Калмак-Ашуу айылында да көйгөйлөр жарала баштады. Айыл калкы ичүүчү суудан кыйналды. Суу түтүктөрүн жаңыртуу маселеси келип чыкты.

Ошондой кезде Апиндин аракети менен Германиянын элчиси таза суу үчүн 4000 доллар өлчөмүндө гранттык колдоо көрсөттү. Суу түтүктөрү жаңыртылып, 2004-жылы бул көйгөй чечилди. Ушул өңдүү эле элди кыйнап келген сугат суусунун тартыштыгы Апиндин киришүүсү, өзүнүн 4 млн. сом каражатын жумшоо менен 7 чакырым алыстыктан жаңы алыш салынгандан кийин чечилди.

Эл мыктылары Тойчубай, Бөрү, Аалы…

Апиндин ата-теги мыкты адамдардан болуптур. Атасы Тойчубай. Жашынан тың чыгып, коллективдештирүү учурунда өзүн көрсөтөт. Калмак-Ашууда башкарма да болот. Өзү жетектеген колхозду алдыңкы чарбага айлантат. Мыкты жетекчи катары таанылып, 1944-жылы кыргыздан чыккан алгачкы сүрөтчү Гапар Айтиев анын сүрөтүн тартуу үчүн Чоң-Кеминге келет. Ал тарткан атасынын келишимдүү сүрөтү Москвадагы Бүткүл союздук эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмө залына коюлат. Анан эле 1945-жылы жалган жалаа менен камалат. Оор сыноолорго моюн сунбай, актыгын далилдеп, алты айдан кийин акталып чыгат. 1960-жылга чейин колхоздо агроном, сугатчы болуп иштеп келет.

Алгачкы башкармалардын бири, өрнөктүү адам Тойчубай Бөрүев 1978-жылы 7-октябрда 84 жашында каза болгон. Эмгеги эске алынып, айылдагы көчөгө аты берилген.

Апасы Кайырса. Колу иштүү чебер уз болгон. Боз үйдүн жабдууларын жасоодо мыкты өнөрү менен көрүнгөн. Ал даярдаган кооз боз үй 1982-жылы өткөн республикалык сынакта экинчи орунду жеңип алуусуна мүмкүнчүлүк берген. Эл барктаган чебер уз апа 1985-жылы дүйнөдөн өткөн.

Чоң атасы Бөрү. Элге жакшылыгы көп тийген бардар адам болгон. Бабасы же чоң атасынын атасы Аалы. Жантай хан менен чогуу жүрүп, чарбасын тейлеген, тууган-меймандарын тосуп узаткан ишенимдүү адамы болуптур.

Жубайы Ража Алиева саламаттык сактоо чөйрөсүнө көп жылдык эмгегин арнаган мыкты медицина кызматкери.

Уулдары: Станбек жогоруда баяндагандай “Ашуунун” ишин илгерилеткен мыкты бизнесмен-менеджер. Төлөндү Кыргызстанда жана чет өлкөдө алдыңкы билим берүү долбоорлорун ишке ашырган кыргыздын жаш, келечектүү кадры. Кубанычбек инженер-куруучу. Нурбек программист, Швейцарияда иштейт. Келиндери: Нурия Дүйшалиева “Ашуунун” иш башкаруучусу, англис, япон тилдерин жакшы билет. Элнура Осмоналиева жаш кинорежиссёр, Америкада билимин өркүндөтүүдө. Камиля Швейцарияда окуйт. Бактылуу чоң ата, чоң апанын 14 небереси бар.

…Түш маалы. Күн чайыттай ачык. Үйдү карай жол тартканыбыз менен көңүлүбүздө эмгеги менен барктуу да, аракетчил да Апин Тойчубаев, анын кымбат жан шериги Ража Алиева “Ашуунун” атын чыгарган намыскөй, иштин көзүн таба билген мыкты ишкер азаматтар турду. Алардан алыстап баратканыбыз менен жайдары, жылуу жүздөрү көз алдыбызга тартыла берди.

                                                                          Курманбек РАМАТОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 29, 2019 11:44

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина