Арабиялык ханзаада бир учак шумкарлары менен саякаттоодо

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 6, 2017 11:16

Арабиялык ханзаада бир учак шумкарлары менен саякаттоодо

C3bHUUnUoAIi7Q_ 6 февраль, Бишкек. Бул аптда интернетти дүң кылган  бир сүрѳт пайда болду. Анда кадимки эле учактын ичинде 80 ителги отургузулуп, сапарга жѳнѳп баратканы кѳргѳзүлгѳн. Бул сүрѳттү интернет сайтарына жарыялаган адам ​»Учактын капитаны менин досум. Сүрөттөрдү мага ошол жиберди. Сауд Арабиянын ханзаадасы 80 шумкар үчүн билет сатып алып сапарга чыккан», — деп жазган. Сүрөттөрдө ителгилер учактын орто чениндеги орундуктун баарын ээлеп алганы көрүнүп турат. Куштардын башына томого кийгизилген. Куштарды учак менен алып жүрүү Сауд Арабиясында кадыресе көрүнүш,болгону куштардын паспорту талап кылынат. Аны 130 долларга алса болот. Эрежеге ылайык, айрым компаниялар бирден алтыга чейин куш алып өтүүгө уруксат берет.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 6, 2017 11:16

Парламент

Элдик медицина