Апалар кайнаткан сүмөлөктө Кыргызстандын картасы түштү

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 11:21

Апалар кайнаткан сүмөлөктө Кыргызстандын картасы түштү

9 Ош шаарынын Жаштар багында Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору эл аралык маданий иш-чарасынын алкагында апалар кайнаткан сүмөлөк ачуу шааниси менен өттү.

Ага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дюсен Касеинов Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев баштаган расмий коноктор, жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер катышты.

Сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, айтылчу каалоо-тилектер келген конокторго маалымат иретинде айтылды.

Сүмөлөк катуу оттун үстүндө казанга кайнатылуучу тамакты тынбай аралаштырышат жана бардык каалоочулар келип кол тийгизе алат. Сүмөлөктү аралаштырып жатып ар бири өз каалоо-үмүтүнүн орундалышын тилейт. Казанды тегеректеген эл, бала-чака жөн гана турбастан оюн-зоок, ыр-тамаша менен көңүл ачышат.

Сүмөлөк бышырылчу казандын түбүнө ырым кылып 41 таш салынат. Таштарды чоң суунун сайынан же, дагы бир ишенимдер боюнча үч жолдун айрылышынан терип келишет. Таштардын практикалык да мааниси бар, алардын аркасы менен сүмөлөк казандын түбүнө күйүп жабышпай, бөлтөк болбой текши бышат.

Сүмөлөк коюуланып отуруп  шоколад өңдүү күрөң түскө келгенде казандын үстүн жакшы жаап, басаңдап калган оттун табына таң атканга чейин калтырып коюшат. Дагы бир ишенимге ылайык, сүмөлөктү эртең менен кашык менен эмес чыпалактын учу менен илип ооз тийиш керек. Ошондо гана тилегиң орундалат деп айтышат.

Маалымат катары билдирсек, кечээ апалар тарабынан кайнатылган сүмөлөккө Кыргызстандын картасы түшкөндүгүн сүмөлөктү ачып жаткан апа билдирди. Бул келечекте жакшылыктын жана ырыскынын жылы болорун жорушту.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 11:21

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина