«Алтынкен» ЖЧКнын укук коргоо кызматкерлерине жардам берди

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 20:58

«Алтынкен» ЖЧКнын укук коргоо кызматкерлерине жардам берди

 1 «Алтынкен» ЖЧКсы Кемин райондук укук коргоо кызматкерлерине жардам берди. Баарына белгилүү болгондой, пандемиянын алгачкы күндөрүнөн баштап, милиция кызматкерлери бардык карантиндик пункттарда медициналык кызматкерлери менен нөөмөттө туруп жана кызматтарын улантып келишет.

Күнүмдүк иш жарандар менен байланыштуу болгондуктан, бардык сактык чараларга карабастан, инфекцияны алып жүрүүчүлөр менен байланышууга туура келет. Ошондуктан, тилекке каршы, коронавирус инфекциясынан жабыркаган милиция кызматкерлери дагы бар.

Ушуну эске алып, «Алтынкен» ЖЧКсы милиция кызматкерлерине дагы бир демөөрчүлүк жардам көрсөттү. Ошентип, 2020-жылы 24-ноябрда Кемин РИИБге 1000 медициналык маска, 300 мээлей, 50 литр дезинфекциялык каражаттар жана 1000 литр күйүүчү-майлоочу материалдары өткөрүлүп берилди.

Ошол эле учурда, 10 кызматкер иштеген райондук прокуратурага жардам көрсөтүлдү. Аларга 300 медициналык маска, 100 кол кап, 10 литр дезинфекциялоочу материалдар жана 200 литр күйүүчү-майлоочу майлар берилди.

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 20:58

Приемная кампания 2020

Элдик медицина