«Алтынкен» ЖЧКнын ноябрдагы кайрымдуулук иш-чарасы

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 21:00

«Алтынкен» ЖЧКнын ноябрдагы кайрымдуулук иш-чарасы

2 3-декабрь, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү. Бул жыл сайын 15-ноябрдан 15-декабрга чейин, ар кандай жардамдарды көрсөтүү жана калктын ушул категориясындагы көйгөйгө көңүл буруу максатында өткөрүлөт.

-Компаниянын жетекчилигинин демилгеси менен бул акцияга катышуу жана Кемин районунун 5 айыл округунун жашоочуларын камсыз кылуу чечими кабыл алынды.

Алар, Ак-Түз, Ильичевский, Боролдой, Кара-Булак жана Алмалун айыл аймактары.

Айыл өкмөттөрүн тандоодо район боюнча статистикалык маалыматтар, башкача айтканда, мамлекет тарабынан субсидияланган айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларынын жакырчылык деңгээлинин пайыздык катышы эске алынды.

Ошентип, 2020-жылдын ноябрь айында «Алтынкен» ЖЧКнын кызматкерлери жогоруда аталган айыл өкмөттүн айылдарындагы 50 үй-бүлөгө 100 кап 25 кг жогорку сорттогу унун жеткирип, ар бир үй-бүлөгө 50 кг. ундан таркатылды.

Үстүбүздөгү жылы пандемия менен байланышкан кыйынчылыктарга карабастан, «Алтынкен» компаниясы мамлекет алдындагы бардык милдеттенмелерин толугу менен аткарат (салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында чегерет), ошондой эле Кемин районунун калкынын аялуу катмарына көңүл бурууга аракет кылат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 21:00

Приемная кампания 2020

Элдик медицина