Алтынбек Намазалиев: Ата мекендик өндүрүштү колдоо керек

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 13, 2020 23:40

Алтынбек Намазалиев: Ата мекендик өндүрүштү колдоо керек

5 2020-жылдын 11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 26-августундагы Өнөр жай ишканаларын көзөмөлдөө боюнча Протоколдук тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, «Кайыңды Кант» ачык акционердик коомуна жумушчу иш сапары менен барды.

Алтынбек Намазалиев «Кайыңды Канттын» жетекчилиги менен жолугушуп, аталган ишкананын иши менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов бекиткен Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн өнөр жай объектилери боюнча бекитүү Механизмине ылайык Алтынбек Намазалиев «Кайыңды Кант» ААКны көзөмөлдөп, анын өнүгүү ишине жардам берет.

Механизм өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгүнө, ишкердүүлүктүн өнүгүшүнө тоскоолдук жараткан көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө шарт түзөт.

Акыл МУКТАР

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 13, 2020 23:40

Приемная кампания 2020

Элдик медицина