Алты айдын ичинде Кумтөрдө 9,2 тонна алтын өндүрүлдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 14:30

Алты айдын ичинде Кумтөрдө 9,2 тонна алтын өндүрүлдү

8 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Кумтөр ишканасында 9,2 тонна алтын  өндүрүлдү. Бул тууралуу  «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти– аткаруучу директору Скот Перри  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусунда билдирди.

Анын белгилешинче, 2018-2019-жылдары геологиялыкчалгындоо иштеринин программасына 18 млн. АКШ доллары бекитилген. Үстүбүздөгүжылдын май  айында «Centerra Gold Inc.»компаниясы бул максаттарга кошумча 6 млн. АКШ долларын бөлгөн.

Белгилей кетсек,  Премьер-министр МухаммедкалыйАбылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти – аткаруучу директору Скот Перри жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинин бирнече мүчөсү менен жолугушту. Тараптар  компаниянын ишмердүүлүгү жана Кумтөр кенинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 14:30

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина