Алмалуунун ардактуу адамдары

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 14, 2019 11:33

Алмалуунун ардактуу адамдары

4  Өтөлгөлүү өмүр издери

КӨПЧҮКБАЕВ Сейитказы Көрпөбай уулу

Айылдын ардактуу адамы, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, орден, медалдардын ээси

1923-жылы төрөлгөн. Айылдагы жети жылдык мектепти бүтүргөн. Чоң атасы Бапа Байжан уулу алгачкы багбан, дыйканчылыкка кызыккан эмгекчил киши болгон. Уулдары – Көпчүкбай, 1878-жылы төрөлгөн; Көрпөбай, 1880-жылкы, алар менен бирге 1898-жылдан тартып ар жерден алма, өрүк көчөттөрүн алып келишип, орустардан өрнөк алып мөмө багын түзүүгө киришишкен. Бул жер азыркы Алмалуу айылынан үч чакырымча алыс, төмөн тарапта болуп, алма, өрүк көчөттөрүн көбөйтүп тиге беришкен. Мөмө багынын жери 40 гектарга чейин жеткирилген. Ар кайсы жерде уруу-уруу болуп жашагандар акырындап жемиш багы жер жайнаган жерге келип жашай башташат. Багбанчы Бападан үлгү алып, чакан турак тамдарды салышат. Чакан болуштук пайда болот. Улуу Октябрь революциясынан кийин Көпчүкбай, Көрпөбай Бапа уулдары элди коллективдештирүүгө, колхоз уюштурууга чоң салым кошушат. Баягы 40 гектар бакты колхозго өткөрүп беришип, аны карап-багууну уланта беришет. Алма бактын четинде Көрпөбайдын үч бөлмөлүү тамы болгон. Талаада иштеген колхозчулар ошол алма бакка барып түштөнүшкөн, эс алып кайра жумуштарын улашкан. Көрпөбайдын жубайы Созул Жылгамыш кызы талаада иштегендерге тамак жасап берчү экен. Кийин ал жактагылар азыркы Алмалуу жайгашкан жерге көчүрүлгөн. Ошондон, эл оозундагы сөздөргө караганда, ушуга жана айылдын тоо тарабындагы коктуларда жапайы алмалар өтө көп өскөндүгүнө байланыштуу бул айыл  “Алмалуу айылы” деп аталып калган болушу керек.

Багбанчылыктан урмат көргөн Көрпөбай арабча окуганды билген, ал кездеги бир аз сабатуу адамдардан болгон. Молдолугу, касиети күчтүү болгондуктан дартка чалдыккан адамдарды дуба менен, дем салып айыктырчу экен. Өзүлөрү өстүргөн алма багындагы “Көрпөбайдым мазары” деп аталган, эл барып сыйынып, дил агартып жүргөн алма бак азыр да бар.

Көрпөбай ата менен Созул апа алты уул, эки кыздуу болушкан. Анын агасы Көпчүкбай менен Бүбүкандын Зууракан аттуу кызы болгон. Эркек баласы болбогондуктан Көрпөбай инисинин улуу эки уулун – Сейитказы менен Сейитжамалды өз ысымына каттаткан. Ал экөө согушка ушул фамилия менен кетишкен. Көрпөбайдын улуу уулу Сейитказы Көпчүкбаев 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, майданга аттанган. Согуштун катуу учурунда салгылаштарга катышкан. Душманды артка сүрүүдө нечен эрдиктерди көрсөтүп, орден жана медаль менен сыйланган. Согушта катуу жарадар болуп, аскер ооруканасында дарыланган. 1944-жылы Армиядан бошотулган. Үйүнө кайтып келгенден кийин да дарыланууга туура келген.

1945-жылдан баштап колхоздо эсепчи болуп иштеген. Кийин айылда дүкөнчү болгон. Андан соң көп жылдар бою чабан болуп эмгектенген. Колхоз жетекчилигинен Ардак грамота, баалуу жана акчалай сыйлыктарды алган. Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 25 жылдыгына карата медаль алса, 1995-жылы Советтер Союзунун маршалы Г.К Жуков медалы менен сыйланган.

Жубайы – Ырысбүбү Жээналы кызы, талаачылыкта жана мал чарбачылыгында эмгектенген. Экөө 3 кыз, 7 уулдуу болушкан.

Уулдары: Аалы, Курманбек, Искендер, Өмүрбек, Дүйшөн, Болот, Эрмек.

Жети атасы: Көрпөбай, Бапа, Байжан, Дайырбек, Кайнарбек, Карачоро, Садыр.

Өзүнөн кийинки иниси – Сейитжамал, 1926-жылы төрөлгөн, Алмалуу жети жылдык мектебин бүтүргөн. 1943-жылы согушка кеткен. Жазган каттарында немецтик баскынчылар менен согушуп жатышкандыгы туурасында билдирип турган. Кийин кат келбей калган. Качан, кайда курман болгону белгисиз.

Кийинки иниси – Сейитбек, 1928-жылы төрөлгөн, Алмалуу жети жылдык мектебин бүтүргөн. Өмүр бою колхоздо  ар кыл жумуштарда иштеп келген. Чарбанын нечен сыйлыктарына ээ болгон. Эки кызы бар.

Андан кийинки иниси – Сейитшайы, 1932-жылы төрөлгөн, Алмалуу жети жылдык мектебин бүтүргөн. Чарбада тракторист, механизаторлордун бригадири болуп эмгектенген. Мыкты иштеп, ар дайым урмат-сыйга бөлөнүп келген. Жубайы – Аскарина Султакан кызы, саанчы болгон, талаачылыкта жана тоют цехинде иштеген. Эмгеги Грамота, баалуу жана акчалай сыйлыктар менен белгиленип келген. Жубайлар 6 кыз, 2 уулдуу болушкан.

Уулдары – Зарылбек, Жолдошбек. Небереси – Майрамбек Зарылбек уулу.

КӨРПӨБАЕВ

Манапбай

Эмгекте айырмаланган өрнөктүү инсан, жаштардын насаатчысы

1940-жылы  төрөлгөн. 1954-жылы Алмалуу жети жылдык мектебин, андан соң он жылдык мектепти бүтүргөн.

1958-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, үч жыл кызмат өтөп келген. Шоферлук кесипке ээ болуп,  колхоздо бир канча жыл иштеген.1979-1982-жылдары Фрунзе авто-жол теникумунда сырттан окуган. Шоферлук иште айырмаланып, баалуу сыйлыктарга ээ болгон жана колхоздун  “Ардак тактасына” сүрөтү илинген. Эмгеги эске алынып, 1982-жылдан чарбада техникалык коопсуздук инженери, жарандык коргоо боюнча адис болуп иштеген. Кийин гараж башчысы кызматына көтөрүлгөн. Эмгекте ар дайым өрнөк көрсөтүп келген, жаштардын насаатчысы болгон.

Жубайы – Иманалиева Керез Ильяс кызы, 1947-жылы төрөлгөн. 1964-жылы Кызыл-Суу орто мектебин бүтүргөн. Фрунзедеги В.В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун бир курсун аяктаган. 1965-жылы Кызыл-Суу орто мектебинде лаборант, 1966-жылдан Алмалуу айылындагы бала бакчанын башчысы болгон. Кийин айылда квартальный жана мектепте ата-энелер комитетинин төрайымы болуп иштеп келген. Ар кандай майрамдык салтанаттарды, маданий иш-чараларды өткөрүүдө, жаштар арасында үгүт-тарбия иштерин жүргүзүүдө уюштуруучулук жана демилгелүү иштери менен көрүнгөн. Айылдын кадырлуу адамы. Эмгекте айырмалануу менен жети балалуу болгон. 1980-жылы“ I-баскычтагы “Эне даңкы” медалы, 1985-жылы “III баскычтагы “Эне даңкы” ордени менен сыйланган. Уулдары: Канатбек, Муратбек. Канатбектен Инсан, Актан; Муратбектен Мунара.Ооба, өбөлгөлүү өмүр сүргөн Алмалуулук инсандардын өрнөктүү эмгек жолу көпчүлүктү суктандырат…

Курманбек РАМАТОВ

(Сүрөттөрдө)

 Улуу Ата мекендик согуштун ветераны Сейитказы Көпчүкбаев жана анын жубайы Ырысбүбү Жээналы кызы

Айылдын өрнөктүү инсаны Манапбай Көрпөбаев тууганы жана  уул-кыздары, неберелери менен

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 14, 2019 11:33

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина