Александровкада бир үй-бүлөдөн 6 адамга коронавирус жукту

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 14:13

Александровкада бир үй-бүлөдөн 6 адамга коронавирус жукту

13 -29-мартта Москва районунда 8 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен 6 адам Александровка айылынын тургундары — бир үй-бүлө мүчөлөрү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 2021-жылдын январь-февраль-март айларында райондо 54 адам коронавирус жуктурган. Март айында эле 15 адам катталган. Тактап айтканда, Александровкадан 8, Садовойдон 3, Беловодск айылынан 2, Петровкадан 1, Биринчи май айыл аймагынан 1 адам катталды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 14:13

Приемная кампания 2020

Элдик медицина