Албек Ибраимов: Кылмыш иши менин атыма козголгон жок

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:32

Албек Ибраимов: Кылмыш иши менин атыма козголгон жок

7 Кылмыш иши Ибраимовдун үстүнөн эмес, атайын буюмдарды сатып алуу фактылары боюнча козголду. Биз ал иштин алкагында так түшүндүрмө берүүгө даярбыз. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Апрель» телеканалында түз ободо маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, «Дастан» ишканасы аскердик продукцияларды өндүргөндүктөн теле аркылуу көп маалыматтарды айтууга мүмкүн эмес. Бул иш саясий негизде козголгон эмес.

«Мен бул иштин артында саясат турат деп айта албайм. Анткени азыр бардык жерде, мекемелерде текшерүү жүрүп жатат. Мен аны кубаттайм. Ал эми мага козголгон иш боюнча чындыкты тергөө аныктайт, ал эми акыркы чекитти сот коёт»,- деди Ибраимов.

Эске салсак, 30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгы “Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Маалыматка ылайык, 2012-жылдын январь айында “Дастан” ишканасынын төрагасы Албек Ибраимов менен “Дастан Инжинирингдин” башкы директору Асылгүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 760 доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү тууралуу келишим түзгөн. Мында ар бир комплекттин баасы 6 672 доллар суммасында белгиленген. “Дастан Инжиниринг” мекемеси Украинанын мамлекеттик компаниясы менен да келишим түзүп, ал буюмдардын партиясын 14 400 долларга сатып алган. аны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 360 долларга барабар болгон.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:32

Парламент

Элдик медицина