Аламүдүндөгү А.Н.Стрельникова атындагы мектепке жаңы китептер келди

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 21, 2020 12:23

Аламүдүндөгү А.Н.Стрельникова атындагы мектепке жаңы китептер келди

17 Аламүдүн районундагы А.Н.Стрельникова атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Трофимов Владимир Алексеевич мектепке жалпы баасы 350 миӊ сом болгон китептерди белек кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, жалпы 1500 китеп келген.

«Биздин мектепти мындан 40 жыл мурун аяктап кеткен экен. Ал учурда Кыргызстандын Түштүк Сахалиндеги консулу болуп иштейт. Китептер 1-класстан 11-класстын окуучуларына жарайт», — деп айтылат маалыматта.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 21, 2020 12:23

Приемная кампания 2020

Элдик медицина