Аламүдүн акиминин орун басары Айбек Кулубаев дүйнө салды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 4, 2020 01:06

Аламүдүн акиминин орун басары Айбек Кулубаев дүйнө салды

9 3-июлда Аламүдүн мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айбек Кулубаев Токмок шаардык аймактык ооруканасынан пневмониядан каза болду. Ал өтө күжүрмөн эмгекчил, өз элинин чыныгы патриот уулу эле. Өзгөчө калктын аярлуу катмарына жакындан жардам берген боорукер, адамкерчиликтүү жетекчи  болгон.

Аламүдүн районунда иштеген 10 жыл аралыгында анын мыкты жетекчи эле эмес, мыкты уюштургуч, жөнөкөйлүгү, башкага өйдө карабаган маданияттуулугу, оор басырыктуулугу эл арасына оозго алынып, жардамга муктаж адамдардын ишенимине арзыган эле. Эми минтип дүйнөнү дүңгүрөтүп, адам өмүрүнө  коркунуч алып келген илдеттин азабынан замандашыбыз Айбек Дөлөтбековичтен ажырап отурабыз.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү жана райондук мамлекеттик администрация башчылары, айыл аймак башчылары маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
Кулубаев Айбек Дөлөтбекович 1974-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. Жогорку билимдүү, 2002-жылы Кыргыз агрардык академиясынын каржы жана насыя бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолу:
— 1999-2000-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын чарба департаментинин жетектөөчү адиси;
— 2000-2004-жылдары «Кыргызалтын» ААКтын өндүрүш-техникалык комплектациясы башкармалыгынын башкы адиси;
— 2004-2008-жылдары Бишкек шаарындагы «Ай-Ас» ЖЧКнын коммерциялык маселелер боюнча директору;
— 2009-2010-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси, бөлүм башчынын орун басары;
— 2010-жылдын 29-январынан ушул күнгө чейин Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп кызмат кылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, орун басарлары Элкинбек Аширбаев, Светлана Волкова.
Гульнура Мамбетисаева, Турусбек Ногоев, Өмүр Ногоев, Нурлан Шаршеналиев, Каныбек Апбасов, Байыш Курманов, Марс Саккараев, Мелис Раимкулов, Асылбек Сатывалдиев.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 4, 2020 01:06

Приемная кампания 2020

Элдик медицина