«Актилек-автожол» бекетинде айдоочулардан акча алган инспекторлор кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 14:07

«Актилек-автожол» бекетинде айдоочулардан акча алган инспекторлор кармалды

1 Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Шаирбек Бопонов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Ички иштер органдарындагы коррупциялык фактыларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, «Актилек-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда турган Чүй ОИИБнин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан пара алуу фактылары катталды.

Жол кайгуул кызматынын инспекторлору документтерди текшерүүнү шылтоолоп, эл аралык жүк ташууга катышкан автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5000 сомго чейин алып турушкан.

«Актилек-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунан күн сайын 200гө чейин унаа жүк ташыйт.

Ушул жылдын 24-декабрында үч инспектор — «М.Т.М.», «Ш.Р.М.», «А.С.А.» кармалды.

25-декабрда бул коррупциялык ишке тийиштиги болгон үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Шаирбек Бопонов кармалды.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башка кызматкерлердин да бул ишке тийиштиги бар-жогун аныктоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 14:07

Приемная кампания 2020

Элдик медицина