АКШнын Кытайга болгон жаңы “жазасы” бүгүн ишке киришет

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:40

АКШнын Кытайга болгон  жаңы “жазасы” бүгүн ишке киришет

8 Америкага  Кытайдан импорттолуучу 200 милиард долларлык товарга  коюлган 10%дык тариф “жазасы”, 24-сентябрда ишке кирет. Wall Street Journal басылмасынын билдиргенине таянсак, Вашингтонго бара турган Кытай делегациясы да сапарын токтотту. Кытайдын вице-премьер министри Лиу Хе Американын Финансы министри Стивен Мнюшин менен жолугары пландалып жаткан болчу. Эми качан сүйлөшүү болору белгисиз бойдон калууда.

Эки тараптын тең койгон санкцияларынан баш тартпастан, тескерисинче, күчөтүп жатуусу дүйнө коомчулугунда кызуу талкууларды жаратууда. АКШнын акыркы кадамына жооп кылып, Кытай тарап 60 миллиард долларлык Америкадан келүүчү товарга 10%дык кошумча төлөм киргизген. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп эгер Кытай тарап каршы кадамга барчу болсо, дагы 267 милиард долларлык товарына санкция киргизээрин эскерткен. Эгер Трамп бул убадасын аткарчу болсо, кытайлык товарлардын барына “жаза” берген болуп, АКШ-Кытай соода мамилеси 100% «ууланып» калары белгилүү. Бул дүйнөлүк базарда абдан чоң өзгөрүүлөрдү пайда кылары бышык.

Эскерте кетсек, АКШ-Кытай соода “согушу” ушул жылдын март айында Трамптын Кытайдан импорттолуучу темир жана алюминийге 25  жана 10 пайыздык кошумча төлөм киргизүүсү менен башталган. Мындан сырткары Трамп Кытайды технология жана идея уурулугу менен күнөөлөп, айрыкча, алардын жергиликтүү ишканаларга артыкчылык таануусун сынга алып келет.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:40

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина