АКШда өткөн мелдеште Кыргызстандык спортчу 3 медаль тагынды

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:45

АКШда өткөн мелдеште Кыргызстандык спортчу 3 медаль тагынды

3 Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек уулу АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеште 3 медаль утуп алды. Бул тууралуу спортчу жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Маалыматка ылайык, «Nationals jiu-jitsu open» деп аталган мелдеште Шайбек уулу 3 категорияда күч сынашты. Ал алгач 77 килограммга чейинки салмак ченинде кимоно менен күрөшүп, 2 беттеште жеңишке жетип, финалда жеңилүү менен күмүш медаль тагынды.

Ал эми кимоносуз катышкан категорияда Шайбек уулу 77 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медалды тагынып, абсолюттук салмак ченинде коло медалдын ээси болду.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:45

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина