Айзада Асанова: «Балдарды реабилитациалык программалар менен дарылап жатабыз»

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 3, 2017 12:01

Айзада Асанова: «Балдарды реабилитациалык  программалар менен дарылап жатабыз»

DSC005843 июль, Бишкек. Сокулук районуна караштуу Маловодное айыл аймагында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборунун директору Асанова Айзада Бакасовна менен жолугуп маек курдук.

- Айзада Бакасовна, адегенде сөздү өзүңдөрдөн баштасаңыз…

— Мен Сокулук районундагы Маловодное айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын реабилитациялоо борборунун директору болуп эмгектенем. Биздин реабилитациялык борбор Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн №52 токтому менен 2014-жылдан бери иштеп келе жатат. 2014-жылга чейин бул жер карылар үйү болгон, азыр профилдештирип балдар реабилитация борборун түздүк.

- Реабилитациялык борбордо канча бала тарбияланып жатат, канча жашка чейинкилер? Мында кандай диагноз менен түшүшөт?

— Борбордо 84 бала багылып жатат. Кѳбүнчѳсүн оор кырдаалга кабылган үй-бүлѳдѳн жана толук эмес үй-бүлѳдѳн келген балдар түзѳт. Ал эми тѳрѳт үйүнѳ калтырылган балдар 4 жашка чейин кароосуз калган балдар үйүндѳ багылып, андан соң бизге алып келинет. Бизде 4 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана 18 жаштан жогору курактагы 9 бала тарбияланат. Булардын диагноздору кѳбүнчѳ ДЦП, нерв жагынан ооруп ордунан тура албаган балдар бар. Буларды атайын реабилитациялык программалар менен дарылап жатабыз. Булар үчүн атайын социалдык медициналык реабилитациялоо бѳлүмү жана социалдык педагогикалык, психологиялык бѳлүмү иштешет. Медициналык бѳлүмдѳ жогорку даражадагы врачтарыбыз, андан тышкары күнү-түнү күзѳттѳгү медайымдарыбыз бар. Өз убагында медициналык иш-аракеттерди жүргүзүп, демѳѳрчүлѳрүбүз тарабынан алып келинген дарылоочу жабдуулар менен иштешип жатабыз.

- Билим берүү, үйрѳтүү жагынан кандай шарттар түзүлгѳн?  Келечекте уядан учкан кезде иш орундары менен камсыз болушабы?

— Педагогикалык бѳлүмдѳ социалдык педагогдор, тарбиячылар, психолог, логопед, маданият тейлѳѳсүнѳн музыкант, кыскача айтканда социалдык тейлѳѳнүн түрлѳрүн мүмкүн болушунча берип жатабыз. Балдар кол ѳнѳрчүлүк менен алектенишет, ал үчүн атайын шарттар түзүлгѳн. Футбол талаасын курганбыз, ал жакта футбол ойногон балдар бар. Ар кандай викторина уюштуруп, балдарыбыз активдүү катышышат. Бизде тарбияланып жаткан балдар эч нерседен кем болбошу үчүн колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз. Ушул жылдын эсеби менен Сокулук районунун Жыламыш айылындагы №43 кесиптик лицейинен 8 балабызды ашпозчу кесибине окутуп, мына буюрса мамлекеттик сынак тапшырганы турушат. Мындан сырткары, ушул эле аталган айылдын орто билим берүү мектебине 1 балабыз окуп, 7-класстын окуучусу болгону турат. Бул биз үчүн ийгилик деп ойлойм. Азыр бизде тазалыкка кѳбүрѳѳк кѳңүл бурулуп, кыш мезгилине даярдык иштерин жүргүзүү аяктап калды.

Балдар үчүн атайын кѳңүл ачуучу оюн-зооктор менен коштолгон иш-чаралар уюштурулуп турабы? Жана балдардын жайкы эс алуусу үчүн кандай пландарыңыздар бар?

— Май айында балдарга арналган иш-чараларды ѳткѳрүү тууралуу иш пландарыбыз бекитилген.1-июнь — балдар күнүндѳ биз ата-энеси бар балдардын ата-энелери менен байланышып, оюн–зоокторду уюштуруп, майрамдык маанайда ачык эшик күнүн жарыялап, чакыруу кагаздарын жѳнѳтүп, балдарды ата-энеси менен жолуктурууга аракеттерибизди жасадык.Бирок болгону 6 гана баланын ата-энеси келип катышышты, калган ата-эненин келбегени ѳкүнүчтүү болду. Ошол эле майрам күнүнѳ карата майрамдык маанайда уюштурулган иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынан акимдин орун басары Т.Ракимбаева  келип куттуктап жана Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана директору А.Масылов келип концерттик программа тартуулашып,  балдардын кѳңүлүн кѳтѳрүп кетишти. Эми жайкы эс алуу үчүн Жыламыш капчыгайына жана борбордо жайгашкан Панфилов паркына алып чыгып келүү пландалып жатат. Андан сырткары Ысык-Кѳл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Ден соолук” лагерине жана Балыкчы шаарындагы “Маяк” лагерлерине сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүп койдук.

- Демѳѳрчүлѳр тууралуу дагы айта кетсеңиз?

— Демѳѳрчүлѳрдү биз ѳзүбүз издейбиз. Жогоруда айтылган б                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                        алдар майрамына карата мекемелерге, кайдыгер карабаган жарандарыбызга, студенттерге каттарды бергенбиз. Колунан келген белектерин алып келип куттуктап кетишти. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министри Т.Исакова  ѳзүнүн белектерин тапшырды. Сокулук районунда жайгашкан “Айыл банк” филиалынын жетекчиси куттуктап, автомат кир жуучу машина тапшырып бизди кубандырып кетти. Ушул сыяктуу жакшы демѳѳрчүлѳрүбүз бар. Мындан сырткары Бишкек шаарында жайгашкан “Дордой плаза” соода борборунун жетекчилери демѳѳрчүлүк кылып, “Гидротерапия” ачалы деген сунушумду колдоп, ушул убакта иштер жүрүп, буюрса гидротерапия дагы жакын арада ачылганы турат.

— Маек куруп бергениңиз үчүн чоң ырахмат! Ишиңизге ийгиликтеди каалайм!

Маектешкен Айнура ЖАНЫШОВА

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 3, 2017 12:01

Парламент

Элдик медицина