Айымдарга миң кеңеш

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:25

Айымдарга миң кеңеш

17 Жазгы “күн” күрмөсү

Жаздын күнү күн ысып туруп тез эле күн бүркөлүп жамгыр жаап коет. Мындай учурда жолдо калган адам сыгып алса суу болуп үйүнө кайтышы толук ыктымал.Өзгөчө жаш балдар менен көчөгө чыгууда баарына даяр болуп чыгууга аракет кылабыз. Суу өткөрбөгөн кездемеден кичинекейиңизге жазгы күрмө тигип берсеңиз болот. Ал үчүн кездемени түз жерге жазып, кичирээк чараны көмкөрүп тегерек кылып чийип аласыз. Кездемени чийин менен бычып алгандан кийин төрткө бүктөп, ортодогу бириккен жерип 5 см узундукта кесип коебуз. Эми ага кааласаңыз капюшон же жака салып, эки капталын жең сымал бириктирип, боорун ачып топчу кадап койсоңуз болот. Эгерде сизге кийгизгенге оор  же боору ачык болуп жатат десеңиз капталдарын ачык таштап койсоңуз болот.

Шурулуу ободок

Сизде ар түрдүү өңдөгү, көлөмдөгү топчулар көппү? Аларды керектөөдөн чыкты деп ыргытууга камданып жатсаңыз анда аны кооз кызыңызга кооз ободок жасап берсеңиз болот. Ал үчүн калыңдыгы 3см болгон чоймону аласыз. Аны кызыңыздын башына чактап кесип алып, эки учун бириктиресиз. Эми фантазияңызга жараша көлөмүн, өң-түсүн тандап чоймонун маңдайкы бетине жип менен топчуну кадап чыгабыз.

 

Жумуртка сактоону картондун керемети

Буга чейин жумуртка салынган картонду ыргытып ийсеңиз керек. Эми аларды чогултуп кызыктуу жан-жаныбардын сөлөкөтү түшүрүлгөн оюнчукка айлантсаңыз болот. Ал үчүн сизге боек, түстүү кагаздар топтому жана клей керектелет.  Кандай жаныбар жасайм деп таңгалып жаткандырсыз. Пингвин, айланкөчөк, бака, ташбака сыяктуу жаныбарларга айландыра аласыз. Мисалга алсак, картондун бир чөйчөгүн кесип алып көмкөрүп, сыртын алгач кызыл түскө боеп аласыз. Андан кийин так ортодон кара түс менен чыгып канатты бөлүп алабыз. Эми башын кара менен текши боеңуз. Ак түс менен эки чекит коюп көз жасап аласыз. Кара түс менен чекит коюп канатын боеп коюңуз.

Жаңгактуу диета печеньеси

Кышы менен ашыкча салмак топтоп, жаз келер менен жука кийимдериңизди кийе албай жатасызбы? Же нандан баш тарта албай кыйналуудасызбы? Анда ашыкча салмактан арылтууга жардам бере турчу тогумдуу кармаган жаңгактуу сулу печеньесин тамагыңызга колдонсоңуз болот. Ал үчүн жарым стакан жаңгакты майдалап, ага 500 гр геркулес сулу майдасын кошобуз. Эми кошулмаларга май кошулган жылуу суу кошуп, лимон ширесине актап алган кашыктын учунан сода кошобуз. Баарын аралаштырып камырдай ийлеп аралаштырабыз. Эми нан бышыргычтын ысыган табагына чоң кашык менен бирден куюп чыгасыз. Нан бышыргычка 15 мүнөттөй салып бырышып алыңыз. Бул печенье менен сиз диета кармап тамакты тартсаңыз ден соолугуңузга зыяны жок, авитаминоздон алыс болосуз.

Кожейкеге кулак сырга

-Сапатсыз лактан улам тырмагыңыз саргарып түзсүз өңгө боегондон уялып жатасызбы? Анда кадимки эле тиш пастасын тырмагыңызга сүртүп керексиз болгон тиш щетка менен жышып жуусаңыз тырмагыңыздагы сарылар кетет.

-Эгерде тырмагыңыз кургап сыйрылып жатса, жатаарда колуңузду таза жууп кастор майы менен тырмактарыңызды майлап коюңуз. Эртеси тырмагыңыз калыбына келип, көркүнө келе түшөт. Тынымсыз лактап жүрсөңүз, жумасына бир жолу кастор майы менен майлап маска жасоону унутпаңыз.

-Жазгы күндө териңиз шуудурап, кээ бир жерлери жарылып сыйрыла баштайт. Өзгөчө бетиңиз кургагандан улам тоналдык крем сиңбей баштайт. Мындайда жумасына бир жолу эки даана аспиринди бир идишке салып, бир чоң тамчы суу кошосуз. Суу тиери менен аспирин эрийт. Эми ага жылытылган бир чай кашык бал салып, аралаштырып таза жуулган бетиңиздин терисине сыйпап скраб маска кыласыз. Аспириндин бүдүрлөрү беттеги өлүү клеткалардын калдыгын тазалап, бал жумшартып майда бырыштардын алдын алат. Мындай скраб-маскадан кийин бетиңиз жылмакай тартып, назиктикти тартуулап турат.

Дамира СААЛИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:25

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина