Айымдарга 1000 кеңеш

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:24

Айымдарга 1000  кеңеш

12 Кожейке бул бир үйдүн жүрөгү, мээримдүү эне жана баардык жумушка жетишкен жубай. Бир эле мезгилде балдарга өзгөчө тамак жасап сүйүндүрүп, ар түрдүү тармактарга кичинесинен тарбиялап келет. Албетте, бир үйдүн түйшүгүн тартып бир учурда баардык тармактардагы адис болуу кыйын. Кээде жөнөкөй нерсени даярдоого да жардам керек болуп калат, андыктан мындай учурларда биздин кеңеш чоң жардамчы болмокчу.

Пиццанын түрүн жейбиз

Бир кесим пицца үчүн атайын жайларга балдарыңыз менен барууга мүмкүнчүлүгүңүз болбой жатабы, анда үй шартында пиццанын түрүн бышырып, балдарыңызды кубандырсаңыз болот.
Алгач камырга 2 стакан ун, бир стакан жылуу суу, 2-3 аш кашык зайтун же өсүмдүк майы, 5 гр. же бир чай кашык кургак көптүргүч, 2 чай кашык шекер жана жарым чай кашык туз керектелет. Камырды булычканыкындай жумшак кылып жууруп тыныктырып коебуз.
Ал эми начинкасын болсо ар түрдүү даярдайбыз, болгону курамына жараша алардын аты өзгөрөт.
“Маргарита”- томат соусу, 200 гр. моцарелла жана базилик керектелет.
“Гавайская”-50 гр ананас, 50 гр. чочко эти, 3 аш кашык томат соусу, 100 гр. моцарелла, ореган, кара мурчжана базилик кошулат.
“Кебаб”- 40 гр. моцарелла, 100 гр. тооктун төш эти, 20 гр. болгар калемпири, 10 гр.ачуу калемпир, жана томат соусу.
“Пеперони” –250 гр. моцареллы, 200 гр. ышталган колбаса, 2 помидор, 2 аш кашык томат соуса жана 1 ачуу калемпир кошулат.

Чачка кантип кам көрөсүз?

Жаздын келиши менен айымдар түрдүү чач тарамдарга ээ болуп кулпуруп чыга келишет эмеспи. Бирок кээ бир учурда жансыз, кургаган чачтар да кездешет. Чачтын жансыз болуп учтары ачакейленип, тарак өтпөй чачышып калуусунун себептери эмнеде? Себеби көп, анда эң керектүүсүнө токтололу.
-Чачтын өңүн өзгөртүүдө тынымсыз арзан химикаттык боектор менен боедон;
-Чач тынымсыз ысык нерселер менен байланышта болгондо: плойка, үтүк жана химиялык тармалдатуудан улам кургап кетет;
-Чачыңыздын структурасына туура келбеген каражаттарды колдонуудан;
-Оору жана стресс абалда жүрүүдөн;
-Туура эмес тамактанууда жана диетадан;
Андыктан туура тамактануу менен бирге чачыңызга да кам көрүүнү унутпаңыз.
-Чачыңыз суюк жана жука болуп жатабы, анда ар жумада бир жолу кастор, уйгак, миндал жана зайтун майы менен чачыңыздын түбүн майлап 10-15 мүнөт массаж кыласыз. Акырындык менен чачыңыздын талдары калыңдап баштаганын байкайсыз.
-Жансыз чачтарга айран маскасы жакшы жардам берет . Ал үчүн бир чыны айранга 1 чай кашык какао жана 1 жумуртканы кошуп аралаштырып чачыңыздын түбүнөн баштап учуна чейин сүйкөп чыгасыз. Эми башыңызга полиэтилен баштыкчасын кийип жоолук же сүлгү оронуп аласыз. Бир сааттан кийин жууп коюңуз. Чачтарыңыз кулпуруп өңүнө чыгып калат.
Упчулуу боркок
Балаңыздын упчусун таппай калып издеген учурларыңыз болуп жатабы? Тынымсыз шилекейи агып боорунун баары суу болуп калдыбы? Анда сизге упчулуу боркок керек экен. Ал үчүн жумшак чүпүрөктү аласыз. Керексиз болуп калган памперстин сыртын сыйрып, суу өтпөгөн катмарына чүпүрөктү беттеп, балаңыздын мойнуна ылайыктап белгилеп аласыз. Эми боркоктордон айырмалантып бир аз кууш, ал эми учун болсо упчунун кармоочуна туура келгидей ичке кылып бычып аласыз. Эми четтерин тигип мойнуна жана боркоктун учуна топчу кадап коюңуз. Учуна упчуну илип топчулап койсоңуз упчу балаңыз менен бирге болот жана кийимдеринин боору кургак бойдон жүрөт.
Фисташканын кабыгынан букет
Кадимки эле фисташканын кабыгы баланын аң сезимин гана өстүрбөстөн ажайып кооз буюмдарга айланат. Эгерде сиз конокко фисташка алып калсаңыз эринбей кабыгынан ажыратып алганыңыз оң. Мектеп жашындагы балдар бул кабык аркылуу кол өнөрчүлүккө жана жашоодогу ар кандай кыйынчылыктан чыгып кетүүгө болгон алгачкы окуу кадамдары болуп эсептелет. Мисалга алсак, фисташкалуу топиарды жасоо үчүн кургаган талдын чыбыктары, пластилин жана фисташканын кабыгы керектелет. Пластилинден алгач идишин жасап, четтерин чыбыктар менен кооздоп чаптап чыгабыз. Эми өзөгүнө ачакей бутактуу талдан кесип алабыз. Андан кийин пластилинди тоголоктоп алып ага кылдаттык менен сүрөттөгүдөй кылып фисташканын кабыгын тизип чыгабыз. . Эми талдын бутактарына даяр болгон тобурчакты сайып орнотобуз. Ал эми калган кооздугу өспүрүмдүн фантазиясына жараша болот.
Кыска-нуска кеңештер
-Ачылган винонун калдыгын жаңы бойдон сакташ үчүн аны оозу бекем жабылган айнек идишке куюп ичинде аба калбагыдай кылып бекитип муздаткычка салып койсо жаңы боюнча турат.
-Үйүңүздө чычкандар көп болуп жатабы? Анда чалкандын майын суга аралаштырып үйдүн бурчтарына сээп койсоңуз, чычкандар акырындык менен жоголот. Майдын жыпар жытынан чычкандардын аллергиясы бар.
-Раковинанын түтүктөрү бүтөлүп калып суу кетпей жатабы? Анда түтүктүн оозуна үч аш кашык соданы салып, үстүнөн эки аш кашык уксус куюп оозун жаап коесуз. Жарым сааттан кийин ысык суу кое берип койсоңуз жибиген майлар суу менен агып кетет.
Дамира СААЛИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:24

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина