Айылчы Сарыбаевге Чүй облусунун “Кеменгер” сыйлыгы тапшырылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 12:43

Айылчы Сарыбаевге Чүй облусунун “Кеменгер” сыйлыгы тапшырылды

41 -Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев 70 жашка чыкты. Бул даталуу күн шаан-шөкөткө эмес, экономикага байланыштуу эл аралык илимий практикалык конференцияга арналды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев жеке куттуктоосун жиберди. Өкмөт башчы Сарыбаевге мыкты окумуштуу, тажрыйбалуу педаогог, кыраакы саясатчы, өз кесибин сүйгөн алдыңкы экономист деген баасын берип, улуттук кызыкчылыктар боюнча айткан ар бир сунушу мамлекет үчүн абдан баалуу экендигин билдирген. Аталган конференция учурунда, Айылчы агайга Сары-Өзөн аймагындагы эң даражалуу деп эсептелген “Кеменгер” сыйлыгы тапшырылды. Сыйлыкты ыйгарып жатып, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаевдин Чүй облусу боюнча жазаган экономикалык анализдери, сунуштары абдан маанилүү болгондугун, мындай идеялар мындан ары да аймактын өнүгүшүнө оң таасирин берээрин белгиледи.  Сарыбаевдин айтымында, облустун “Кеменгер” сыйлыгы ал үчүн абдан маанилүү жана өзгөчө. Себеби, “Чүй” өрөөнү бүгүнкү күндө экономикалык жактан алдыда бара жаткан алдыңкы аймак болуп саналат. Ошондой эле, ички миграциянын агымына карабай, баардык жарандарыбызды бооруна тартып, мээримдүүлүк менен мамиле жасап келет. Андыктан, Сарыбаев  Чүй облусунун жетекчилери менен мындан ары да тыгыз кызматташып, Сары-Өзөн жергисинин экономикалык, каржылык жактан өнүгүүсү үчүн баардык сунуш-пикирлерин берүүгө даяр.Мындан сырткары, Экономика жана финансы институту менен Чүй облусунун жетекчилери айыл-кыштактарын, район, шаарларын өнүктүрүү багытында кызматташуу боюнча  2040-жылга чейин стратегиялык жумушчу топ түзүүгө жетишти. Айтмакчы, Айылчы агайдын ишмердүүлүгүн, коомго кошкон салымын замандаштары, кесиптештери кандай баалайт? Кеп кезегин берип, аларга да микрафон суналы:

Гулира Азимова, Экономика жана финансы институтунун биринчи проректору:

Шакирттери баардык тармактарда ордун табышты

Иштеген жылдарын санабай, кылган кызматын жар салбай, жаманынан чарчадым дебеген, жакшысынын баркына жеткен, кийинки муунду тарбиялоону уланта берген адамдарыбыз саналуу. Ошондой мекенчилдерибиздин бири – нечен жылдан бери кыргыз экономикасына зор салымын кошуп келаткан, билимди, илимди, тартип менен эрежени туу туткан агайыбыз – профессор,экономика илимдеринин доктору  Айылчы Сарыбаев. Агай Кыргызстанга эле эмес, алыскы, жакынкы бир топ мамлекеттерге белгилүү экономист-окумуштуу катары таанылып, ал жетектеген  Экономика жана финансы институту жыл сайын  миңдеген экономисттерди даярдап, бул инсандан тажрыйба алган  адистер өлкөнүн бардык тармактарында иштеп жатышат. Айылчы Сарыбаевдин прогрессивдүү көз караштагы, жоопкерчиликтүү, кызматтык этиканы мыкты сактай билген инсан экендигин, ал өлкөбүздөгү экономикалык билим берүүнүн пайдубалын түптөгөндөрдүн катарына кирээрин белгилей кетүү абзел. Бир гана  көрүнүктүү окумуштуу эмес, ал  тажрыйбалуу уюштуруучу жана жаштарды тарбиялоо боюнча устат, эң башкысы чоң адамгерчиликтүү инсан. Аракетчилдиги, бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбай, изденүүнүн үстүндө  иштеп, талапты катуу кое билгендиги институттун алгалашына өбөлгө болууда. Андыктан, сизден тарбия алып, тажрыйба үйрөнгөн шакирттериңиз да өзүңүздөй өлкөнүн экономикасы үчүн зор салымын кошушат деп ишенем. Накыл сөз менен айкалышкан каныккан тажрыйбаңыз арта  берсин. Бүт өмүрүн  өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө  арнаган  Айылчы Сарыбаевич  70 жаш курагыңыз кут болсун! Дөөлөтүү карылыкта, жакындарыңыз менен узак өмүр жашаңыз!

 

   Карыбек Байбосунов Экономика жана финансы институтунун доценти:

 

Окуучулары илимдин гранит ташын чагууга даяр

 

Айылчы Сарыбаевич!  Сиздин айткан, жазган ар бир сунушуңуз, сын пикирлериңиз мамлекетибиз жана коомчулугубуз үчүн баалуу. 200дөн ашуун илимий-методикалык эмгектериңиз, анын ичинде 12 илимий монографияларыңыз, 5 окуу-методикалык колдонмолоруңуз менен катар, 300дөн ашуун публицистикалык макалалардын автору катары таанылдыңыз. Тарбия-таалим берген таланттуу шакирттериңиз дагы Кыргызстандын булуң-бурчтарында эмгектенип, мекенинин экономикасын өнүктүрүүгө өз салымдарын кошуп келе жатат. Сиздин илимий жетекчилигиңиз менен илимдин 35 кандидаты жана 6 доктору өсүп чыккан. Алдыда дагы далай шакирттериңиз өзүңүздүн жетекчилигиңиз менен илимдин гранит ташын чагууга даяр. Сарыбаев катышкан көптөгөн мамлекеттик долбоорлор жана программалар бар. Алардын айрымдарын атай кетели: “Кыргыз Республикасынын 1994-96-жылдарга өндүрүш саясатынын негизги багыттары”, “Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн Концепциясы”, “Экономикалык реформалоонун жүрүшүнүн жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды тескөө” (1995), “Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык 2000-жылга чейин өнүгүүсүн прогноздоо, “Кыргызстандын айыл чарбасын 2005-жылга чейин өнүктүрүүнүн прогнозу”, “Экономика Министрлиги жана ЭИИИ менен бирге Кыргыз Республикасынын экономикалык кырдаалын мониторинг жасоо”, “Республиканын экономикалык жана социалдык өнүгүү план-прогноздорунун методикасы” жана башка рынок экономикасына байланыштуу нормативдик-укуктук документтерин иштеп чыгууда салымыңыз зор. Сиздин жогорку билим берүү системасындагы талбай аракеттенип келе жаткан эмгегиңиз да өзгөчө орун ээлейт. Ар тараптуу методикалык-теориялык, адистик компетенттүүлүк жаатындагы сунуштарыңыз жана өзүңүз жетектеп келе жаткан институттардагы жүргүзгөн ырааттуу ишмердигиңиз буга күбө. Билим берүү тармагын өнүктүрүү максатында эл аралык аттуу-баштуу эксперттер менен катар, мамлекеттик рангдагы жетекчилер менен да түзгөн алака-катнаштарыңыз Кыргызстанда кабыл алынып, таркалууга муктаж экендигин айткыбыз келет. Өз алдынча жогорку окуу жайын ачуу менен катар, заманбап жаңычыл окутуу-методикалык принциптерин киргизип жаткандыгыңыз – алкоого татыктуу.

 

Нургүл Койчуманов, Институттун окуу иштери боюнча проректору:

 

Агай тарыхый мезгилдин каарманы

 

Агайдын өмүр сапарындагы аркалаган иши, жактаган илими, айткан таалими чынында  өрнөктүү экени талашсыз. Айылчы Сарыбаев илимге өз чыйырын салган илимпоз, экономикалык жана саясий саяпкер катары Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө кайдыгер карай албаган практик-экономист, кыргыз улутунун келечегине үмүт арткан, тарыхты талдай билген санжырачы, философ десек толугу менен жарашат. Анын касты дос кылаар жупуну мамилеси, инсандык касиети, адамдык бийик сапаты урпактарыбызга унутулгус сабак болуп калары шексиз. Ошондой эле, анын илим багытындагы мектеби бар. Сарыбаевдин жетекчилиги астында даярдалган окумуштуу кадрлар биздин эле эмес, чет өлкөлөрдө да ийгиликтүү иштешүүдө. Айылчы Сарыбаевдин 70 жылдык өмүрү эки кылым жана эки коомдук системанын ысык-суугу, калпы-чындыгы, келечеги менен тыгыз байланышкан тарыхый мезгилдин каарманы десек жаӊылышпайбыз.

«Сакадай бою сары алтын» деп, бекер айтылган эмес чыгаар. Мындан ары да илимий эмгектерин жаратып, жаш муундарды тарбиялап, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салымын кошо берээри шексиз.

 

Даярдаган, Алтынбек Камчыбек

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 12:43

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина