Айыл чарба насыясынын үстөгүн 7% түшүрүү демилгеленди

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 14, 2017 11:56

Айыл чарба насыясынын үстөгүн 7% түшүрүү демилгеленди

1016989462 14 апрель, Бишкек. Парламентте айыл чарба тармагына берилип жаткан насыялардын үстөгүн 7% түшүрүү демилгеленди. Мындай кадам демилгечи депутаттардын айтымында айыл чарба өнүмүн өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл калкын иш менен толук камсыз кылууга, калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга түрткү берет.

Депутат Зиядин Жамалдинов насыя өлчөмүн 7 пайызга чейин төмөндөтүү демилгесине карата каршылыгын билдирип, каржы каатчылыгынын маалында мындай кадам тобокелчиликке алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Мындай пикирге Сайдулла Нышанов баштаган бир катар депутаттар да кошулуп, коммерциялык банктарга эмес, биринчи кезекте мамлекеттик банктарга колдоо көрсөтүү менен насыя каражатын “Айыл Банк” менен “РСК Банк” аркылуу таратуу керектигин белгилешти.

Ал эми Өкмөттүн өкүлү насыялар ансыз деле 10 пайыздык үстөгү менен берилип жатканын, анын чегин 7 пайызга чейин төмөндөтүүгө кошумча каржы булактары жок экенин билдирди.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 14, 2017 11:56

Парламент

Элдик медицина