Айтматовдун дүбүртү келечектен угулат

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:10

Айтматовдун дүбүртү келечектен угулат

10 Түрк эли түрүлүп келип: «2018-жыл Айтматовдун жылы болсун» дешкен, былтыр ушул маалда. Түрк эли кадырлап жаткан соң кыргыздар да тырмалаңдап жыл боюу ыйынып, «Айтматов» деп уктаса түшүнөн көрүп келди. Жыл аягы 2018-жылдын 12-декабрында анын 90 жылдык мааракесине президент Сооронбай Жээнбеков катышып, Айтматовдун эстелиги Москвада, Казакстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Тажикстанда, бир топ Европа жана Азия, Африка мамлекеттеринде курулганын, Кытайда курулуп чакырып жатканын, Айтматов тууралуу сөз туулган күнү бүтсө эле бүтүп калбасын»-белгилеп кетти.

 

Айтматов  жана Чүй облусу

Айтматовдун жылын өткөзүш үчүн Чүй облусу жеңин түрүнүп ишке киришкен. Губернатордун буйругу боюнча Чүй облусунда Айтматовдун жылын белгилөө боюнча губернатордун орун басары Ализа Солтонбекова башында турган зобололуу комиссия түзүлгөн. Алар эң алдына иш максатын белгилеп, Айтматовдун чыгармалары боюнча кароо-сынактар өтөөрүн, ар бир мектепте анын чыгармаларын сахналаштыруу боюнча, окуучулар арасында дил баян жазуу боюнча мелдештер болорун баса белгилеген. Ар бир тиешелүү тармактарга Айтматов жылы боюнча тапшырмалар берилген. Ошонун ичинде маалымат каражаттарына Чыңгыз Айтматов тууралуу жаштарга тарбия берүүнү күчөтүү тапшырмасы берилген. Бул жагынан «Чүй баяны» жамааты колун чөнтөккө салып алган жок. Чыңгыз Айтматов тууралуу дайыма берилип турган кыска саптарды мындай койолу, Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча кеңири талкуулар болуп жатты. Ал эми Чүйоблусу боюнча Айтматовдун жылын өткөзүү комиссиясынын жетекчиси Ализа Солтонбекова ишти өтө жакшы уюштуруп жибергендиктен, өкмөткө жагып, кызматынан жогорулап, министрдин орун басары болуп кетти.

 

Айтматовдун  90 жылдыгына карата  өткөн маданий иш-чаралар

Чүй облусунун билим берүү мекемелеринде жана борбордук китепканаларында Айтматовдун  90 жылдыгына карата   «Чыңгыз Айтматов- жаңы доордун үнү”,  «Залкар жазуучунун чыгармачылык дүйнөсү жана жолу”, «Ч.Айтматов жана биз”, «Ч.Айтматов жана дүйнө”, «Ч.Айтматов – улуттук сыймыгыбыз”  аттуу  ачык сабактар,  «Аалам генийи-Чынгыз Айтматов”, «Чынгыз Айтматов-доордун улуу таланты”, «Чынгыз Айтматов-дүйнөлүк маданияттын дөөлөтү” аттуу китеп жана   сүрөт   көргөзмөлөрү    уюштурулуп, окурмандар менен  жолугуушулар  өткөрүлдү. Ошондой эле, Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу, коомдогу ээлеген орду тууралуу тегерек столдор уюштурулду.

Айтматовдун 90 жылдыгына карата элет элинин потенциалын жогорулатууга китеп окууда кызыгуу арттыруу менен алардын эстетикалык жана интеллектуалдык жактан ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында 2018-жылдын 5-июнунан 5-июлуна чейин Чүй облусунда «Китеп Кербени» акциясы уюштурулду. Акцияга райондордун баардык китепканалары тартылды.
Айтматов жанаЧүйоблустукмектеп-гимназиясы

 

Чүй облусунун билим берүү системасында 152 миң 576 окуучуга ылайык 323 жалпы билим берүү мекемелери иштеп жатат. Анын ичинде 294 мектеп, 12 интернат жана 18 жеке менчик мектеп камтылган. Жалпысынан 170, 5 миңден ашуун балдар окуп жатышат. Кадр маселесине келсек облус боюнча мектептерде 10 301 мугалим болсо 1496 мугалим пенсия курагында. Чүйоблусуна 394 жаш кадр келсе да, алыскы аймактарда бош орун жетишпей жаш кадрларды талап кылат.Чүй облусунда учурда 188 бала бакча иштеп жатат. Ички миграцияга байланыштуу мектепке чейинки балдардын саны көп болгондуктан жалпы долбоордук сыйымдуулугу 18 597 балага ылайыктаган жерде 21 991 бала тарбияланууда.

Чүй облустук мектеп-гимназиясы облустагы 323 билим берүү мекемелеринин мыктысы, керек болсо Чүй облусунда маяк, шедевр кыла турган элге үлгү боло турган жай. Быйылкы жыл залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жылы экенин Чүй облустук мектеп-гимназиясында абдан жогору деңгээлде белгиленди. Жыл боюу Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча дил баяндар жазылып, окуучулар класс боюнча анын чыгармалары боюнча театрлаштырылган оюндарды өткөрүп келишти. Бул жерде класс жетекчилерине жана тарбиячыларга кеп-кеңешин берип, 2018-жылдын 12-декабрында сахналаштырылган Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган кечени даярдашкан кыргыз тил жана адабият мугалимдерине да рахмат. Даярдыктар мыкты болгон, албетте профессионал артисттер даярдаган Улуттук филорманиядагы сахналаштырылган оюнга бир аз жетпейкалды. Анткени, ал жерге президент Сооронбай Жээнбеков катышып, жакшы ойлорун ортого салып, даамын таттуу кылды. Буюрса, балдар дегенде ак эткенден так эткен Сооронбай Жээнбеков да Чүй облустук мектеп-гимназиясына келип окуучулардын сахналаштырган оюнун көрүп машырланары бышык.

 

Жашоонун кумары сүйүүдө

 

Чүй облустук мектеп-гимназиясынын директору Бүбүкан Жусупова мектептеги болуп жаткан жетишкендиктери үчүн көптөгөн сыйлыктардын ээси, жыл сайын мезгилдүү маалымат каражаттарында «Жылдын мыкты мугалими» деген номинациядагы сыйлыкка татыктуу болуп келатат. Анткени, рынок экономикасынын шарттарына дал келген билим алып жаткан күчтүү окуучулар кыргыз, англис, орус тилдерин эркин үйрөнүшүп, бүгүнкү жаңы технологиялар өсүп жаткан заманда, технологиялардын сырын өздөштүрүп, «Дебаттарда» такшалган бүтүрүүчүлөр саясий жана экономикалык аң-сезими жогору болушуп, кайсы иш болсо да аттанып түшүшүп, мамлекетибизден бардык тармагында алдыңкы орундарды ээлеп келатат. Бүтүргөн окуучулары жакшы болсо мугалим үчүн сыймык, ошол мектептин жетекчиси үчүн да сыймык. Бүбүкан Сыдыковна бир гана бүтүргөн окуучуларына эмес, быйыл жазып окурмандардын жакшы пикирине татыган «Жашоонун кумары сүйүүдө» деген китебине да сыймыктанса болот. СССР тарап, жашоонун, тарбиялоонун фундаменти болуп келаткан Макаренко, Сухомлинскийдин жазгандары партия менен кошо эскиргенден бери педагогикада балдарды тарбиялоо боюнча мындай эмгек жарала элек эле. Эл агартуунун отличниги Бүбүкан Жусупованын бул китеби турмуштун билими ненегизделип, өзүн-өзү тарбиялоо үчүн кынтыксыз багыт берет. Мындагы нарк-нускалуу насааттар жан-дүйнөнү өзгөртүү, ойду таза кармоо, сөздү туура сүйлөө, көңүлдү тутуу, мамилени баалоо жана башка адам жашоосуна керек болгон асылзат болгон билимдерди камтыйт. Ата-бабаларыбыз илгертен билгендери билбегендерге акыл-кеңешин айтып, алардан калган мурастар төгүлүп-чачылып ар кайсы жакта калды. Ушундай ата мурастарын чогултуп, келечек ээлерине пайдасы тийсин, аларды тарбиялоодоо куралы катары өрнөк болсун деген мааниде бул китеп жазылганы сезилип турат. Чыгармачыл адамдарды, журналист, мугалимдерди чогултуп бул китеп боюнча атайын талкуу уюшуларына ишеним чоң. Анткени мунун пайдасы бир гана мектепке тийбестен жалпы билим берүү мекептерине керек экенин заман айтып турат.

 

Айтматовдун дүбүртү келечектен угулат

 

Айтматовду актап, жактап, жамандап да жазган замандаштарыма айтаар элем: кыргыз адабияты чоң адабият. Демек Айтматовдон башка да залкар акын-жазуучу-драматургтарыбыз көп. Бирок, гений биргана Айтматов. Анын генийлиги жети атабызданда мурунку кыргыз философиясына, психологиясына сүңгүп, ошолорду көтөрүп чыккандыгында… Толгонайдын даркандыгы менен айкөлдүгү, Жамыйланын эркиндиги, Танабайдын көк жалдыгы менен Бостондун ишбилгилиги «архетиптин» жардамы менен ошо түпкүрдөн «алынган». Ошончолук түпкүргө «архетипке» сүңгүй алгандыгы Айтматовду пайгамбар катары кабыл алууга укук берет. Анын биографиясы Мухаммед пайгамбардыкына караганда жасалмасы аз, жалганы аз, чыныгы пайгамбардык биография. Эң негизгиси ал кыргыздын пайгамбары. Пайгамбарлардын тарыхын карагыла: алар улуттук жана универсалдык деп бөлүнөт. Ч.Айтматовдун универсалдык жагы да бар экендигин эч ким жокко чыгара албайт. Жети атасынан мурдагы кыргыздын философиясын унуткандар: баарыбыз кайсы бир деңгээлде ушуларга киребиз, Ч.Айтматовдун Жамыйласын башка улутту ээрчип кеткен деп, өзүн саткын деп жүргөн биз баарыбыз маңкуртбуз. «Атаңды унутпа. Сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай …» дегендибиз: «Сенин атаңЧыңгыз, Чыңгыз, Чыңгыз,» – деп окусак, Чыңгыз айткысы келген чындыкка жакындамакпыз. Андан ары көп нерсе ачыкталмак… Бирок биз өз чындыгыбыздан, улуттук чындыгыбыздан алыстагандан-алыстап эле баратабыз. Чыңгыздын улуттук чындыкты айтып чыркыраганын түшүнгөн бир ууч кыргыз эмнени кыйрата алат. Калганынынбаары дин апийиминин наркоманы болуп отурса. Быйылкы жылы Айтматовдун 90-жылдыгы деңгээлине жараша белгиленди. Эмне үчүн Чыңгыз Айтматов 178 тилге которулуп, нуска жагынан да Гиннесте алдыга чыкса да Нобель сыйлыгын ала алган жок. Ал эми түркиялык эч кимге белгисиз Орхан Памук Нобель сыйлыгын алды. Жооп, ал жерде коррупцияланышып кетиптир, еврей жана күрд болушса «безочрет» ал сыйлыкты алышат экен. Орхан Памук адабияттагы эмгеги үчүн эмес, күрддөрдү Түркиядан бөлүү үчүн жасаган эмгеги үчүн Нобель сыйлыгын алыптыр.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:10

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина