Айтматовдун 90 жылдыгына карата монеталар чыгарылат

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 31, 2018 14:17

Айтматовдун 90 жылдыгына карата монеталар чыгарылат

img-1 Улуттук банк Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган коллекциялык монеталарды чыгарат. Монетанын алдыңкы бетине Чыңгыз Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Четин тегерете «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл», «Chingiz Aitmatov – 90 years» жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө өлкөнүн герби түшүрүлүп, Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси, тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 31, 2018 14:17

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина