Аймактарды өнүктүрүү жылында жакшы иштер аткарылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2018 10:24

Аймактарды өнүктүрүү жылында жакшы иштер аткарылды

4 -2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылында  Медицина тармагында кандай иштер аткарылгандыгы туралуу биз Жайыл райондук аймактык оорукананын башкы дарыгери, медицина илимдеринин доктору Болот Майканаев ди сөзгө тарттык.

-Болот Бекташевич, коомчулукта ооруканалар кыйын абалга туш келди деп коңгуроо кагышууда. Сиз жетектеген ооруканада кандай жетишкендиктер болду?

— Жайыл айтактык ооруканада 2018-жылы айтаарлык жетишкендиктер болду десем жаңылышпайм. Себеби, райондук оорукананын хирургия бөлүмүн 4млн. сомго оңдоп-түзөп алдык, балдар бөлүмүн 590 миң сомго, 67 миң сомго оорукананын лифтисин оңдоп алдык. Андан сырткары төрөт бөлүмүнүн терезелерин жылуулап, 530 миңге алмаштырып алдык. Ушундай эле кардиология бөлүмүнө 400 миңге, терапия бөлүмүнө 230 миңге оңдоп – түзө иштери болду.

Бизде өзүнчө каржылоо жыйынтыгы деген бар. Бюджет бекитилип жатканда кызматкерлердин маянасынан тышкары дагы оорукананын оңдоп-түзөө иштерине дагы каржы каралган. Ошол берилген каржыны үнөмдөө, сарамжалдуулук менен оорукананын бөлүмдөрүн оңдоого жетиштик.

Мамлекеттик бюджеттен тышкары дагы долбоорлор менен иштейсиздерби?

Албетте, Быйыл оорукананын жандандыруу бөлүмүн башка бөлүп куруу үчүн АРИСке атайын долбоор жазып, утуп алдык. Буюрса, аларды күтүп жатабыз, биздин долбоор ткандыгы тралуу ырастоо маалыматын алсак, 2019-жылдын февраль айынан баштайбыз деп турабыз. Андан сырткары, жугуштуу оорулардын (инфекция) бөлүмүнө оңдоп-түзөө иштерине дагы 13 млн.сомго титулдук баракчага катышабыз деген планыбыз бар.

Үстүбүздөгү жылды Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп табылды. Дарыгердин көз карашы менен аймаутар кандай өнүгүүдө?

Мен Президентибиздин жарлыгын туура деп эсептейм жана колдойм. Себеби, аймактар өнүкмөйүн мамлекет өзү өнүкпөйт. Сооронбай Шарипович аймактарда иштеп такшалган жетекчи катары, мамлекеттин башына келгенде биринчи кадамды аймактарды өнүктүрүүдөн баштады десем жаңылышпайм.

Буга мисал катары өзүбүздүн эле бейтаптар дарыланып жаткан оорукананы алсак, эң акыркы оорукана 1963-жылы курулган экен. Бүгүнкү күнгө чейин жаңылануу болбогондуктан, өтө кыйын абалга кептелип калган. Мен жогоруда айтып кеткен жугуштуу оорулар ооруканасын Жогорку Кеңештин депутаттары дагы келип көрүп кетишкен. Буюрса, бул өтө көп сумма болгондуктан, 2019-жылы дагы аймактарды өнүктүрүү жылын узартып, ооруканабызды жаңылап алабыз деген ойдомун. Ошондуктан, ар бир дарыланып жаткан бейтапка шарт түзүп беришибиз керек.

Сиз жетектеген аймактык ооруканада эмнелер жетишсиздик кылат?

-Бүгүнкү күндө төрөт бөлүмүндө жана жүрөк оору бөлүмүнө лифт жетишсиздик кылат. Анткени, жүрөк оорулуулар экинчи кабатка өзүнчө көтөрүлө албайт. Эмики жылга ушул пландарыбыз бар. Андан сыркары, ушул өнүгүү шартында ооруканага заманбап технологиялык куралдар, аспаптар керек. Эскилерин сарамжалдуулук менен пайдаланып жатабыз, бирок эскинин иши эски да. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине, Жогорку Кеңешке дагы кайрылдык эле. Жакшылыктан мүт үзбөй күтүп жатабыз, жакшы жагына чечилип калаар деп.

Аймактарда биринчи көйгөй адистердин жетишсиздиги деп айтылат. Сиз жетектеген ооруканада адистер жетиштүүбү?

Биздин аймактык ооруканада балдарды дарылоо бөлүмүндө неонатолог, анестезиолог дарыгерлерибиз жетишсиздик кылып жатат. Калган хирургия, терапия, кардиология, төрөт бөлүмдөрүндө дарыгерлерибиз жетиштүү жана ийгиликтүү иштеп жатышат.

-Аймактарда сиздей болгон медицина илимлеринин доктору саналуу эле болсо керек. Өзүңүз туралуу айта кетсеңиз?

Мен 1992-жылдан бери Медициналык институтту бүтүрүп келгенден баштап, Жайыл ооруканасында хирург болуп иштейм. Мен бул оорукананын ийгиликтеринен чечилбей келген көйгөйлөрүнө чейин жакшы билем. Ал эми кандидаттыгымдан докторантурама чейин Жайыл райондук аймактык ооруканадан илимий иштерди жактоо илимий борбор болбогондой кийин орчулукка турат. Ооба, азыр райондук дарыгерлердин арасынынан жалгыз доктор менмин жана Ош облусунан Сулайманов медицина илимдеринин доктору. Ар бир дарыгер көздөгөн багыты менен эмгектенсе, максатына жетет деп ойлойм. Себеби, мен жаңы иштегенден баштап илимий иштерге кызыкчумун. Эми аймактык ооруканада иштеген жаш дарыгерлерге дагы илимий иштер боюнча акыл-насаатымды айтып, үндөп келем.

Саналуу күндөрдөн кийин жаңы жыл келет. Каалоо – тилектериңиз?

Менин жамаатымдын атынан жалпы кыргыз элиме, Сары-Өзөн Чүй жергесинин тургундарына, меймандарына ден соолукта болсун деп тилейм. Ден соолукту бардык күнүмдүк нерселерден жогору коюп, жооптуу болушубуз керек. Ар бир үй-бүлөгө, ар бир жаранга ден-соолукт каалайм, 2019-жылды жадырап –жайнап, жакшылык менен тосуп алалы.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2018 10:24

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина