Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 13, 2019 11:19

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата

6 Балдарга  салынган инвестициялар —  баалуу
Шамшы айыл аймагына караштуу Чоң -Жар  айылынын тургундары үчүн
4 – декабрь  кубаныч тартуулаган жана эстеринде көпкө калчу  күндөрдүн бирине айланды.  Ага  айыл тургундары чыдамсыздык менен күткөн  бала -бакчанын ачылыш аземи себеп болду. Белгилей кетсек, Чоң — Жар айылында орто мектеп жана элди медициналык жактан тейлеп келген ФАП жайгашкан. Эми алардын катарын айылдын инфраструктурасын жакшырткан заманбап жабдуулары менен камсыз кылынган бала бакча толуктады.
Шамшы айыл аймагынын башчысы Замирбек Тентимишевич Алышпаевдин айтымында,  азыркы заманбап бала бакчанын имараты  1989-жылы курулган. Көп жылдан бери кыйроо абалында туруп, пайдаланбай келген.  Жергиликтүү калктын суранычы боюнча  2016-жылы имараттын  капиталдык  оңдоо иштери башталган. Оңдоо иштери дем берүүчү гранттын беш долбоорунун  жана  Чүй облустук  “Өнүктүрүү фондунун” үч долбоорунун эсебинен каржыланды. Бул акча каражаттардын жардамы менен эмеректер, оргтехникалар, идиш -аяктар жана чарбалык  буюмдар  сатылып алынды.
Тажрыйбалуу  педагог,  бала бакчанын мүдүрү  Назгүл Адылбековна  Шаршенованын айтымында,  аталган мектепке чейинки мекемеде  Чоң — Жар жана  Карагул айылдарынын 3-6 жашка чейинки  балдары тарбия, билим  алышат. Бала бакча 60 балага негизделген.  Алар үчүн   3-4 жаштагы кенже  тайпа жана  4-6 жаштагы жогорку тайпалар  ачылган. Анда  эки тарбиячы, тарбиячылардын эки жардамчысы, ашпозчу менен жардамчысы, эки кароолчу, эки меш жагуучу, бир короо жыйноочу жана бир медайым эмгектенишет.  Тагыраак айтканда, бала бакчанын ачылышы менен  айылда 11  адам жумуш орду менен  камсыз болду.
Элеттиктерди куттуктап, аземге  Чүй райондук мамлекеттик администрациянын башчысы  Каныбек Сагынбекович Апбасов,  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Светлана Борисовна  Волкова,  Жогорку Кеңештин депутаты  Айнура Алмазбековна  Аскарова,
Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Айткүл Сабыровна  Кибираева, Чүй райондук  мамлекеттик администрациянын башчысы — акимдин орун басары  Бакыт Өмүрбекович Караев, Социалдык бөлүмдүн башчысы  Эльнура Айылчиевна Айылчиевалар катышышты.
Бир нече жыл мурун азыркы бала бакчанын имаратын оңдоп, элдин керегине жаратуу максаты ойлонуп, бул жерде спорт залдын же клубдун тургузулушу тууралуу кептер айтылып келген. Урап бараткан имараттын тегерегин куурай басып, малга тебеленип калган мезгилди Чүй раймамадминистрациянын башчысы — аким К.С. Апбасов  өз сөзүндө эскерди. Бирок  элдин өтүнүчү эске алынып,  капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн соң, бала бакча ачылып,  акча каражаттар балдардын билим алуусуна жумшалды. Элдин алыкышына татыган чоң иштер аткарылды. Андыктан, райондун жетекчиси аталган мекеме ак жолтой болушун, айылда билимдүү, элдин, райондун  керегине жараган уул — кыздар тарбияланып чоңоюшун каалады.
Тилекке каршы, өлкөдө  1800  бала бакча жетишпейт.  Аталган мекемелердин көбү өз убагында менчиктештирилип кеткени да ага себеп болууда.  Учурда бюджеттин  77 %  билим берүүнүн инвестициясын түзөт.  Андыктан, билимдүү балдардын  калыптанышын биринчи орунга койгон Чүй районунун бийлик ээлерине  ЖКнын депутаты  А.А.  Аскарова чоң ыраазычылыгын билдирди.  Ачылган бала бакчадан  кичи  Мекенинин сыймыгы, түндүгү,  жылдызы, кыргыздын сыймыгы боло турган жаңы муундардын тарбияланып  чыгышын тиледи.   Андан соң: “Балдарга балалык тартуулайлы!  Ар тараптан жардам берели! “ — деп сөзүн аяктады  эл өкүлү.
“Театр кийим чечүүчү жерден башталса, мектепке чейинки билим берүү “  бала бакчадан башталат.  Өнүгүү бар жерде дайыма ынтымак,  тынчтык , жакшылыктар боло беришин   Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары
С.Б. Волкова  куттуктоо сөзүндө айтып, билимдүү жаш муундардын жарык келечегине  кошкон салымдары үчүн  Чүй районунун  башчысы — акимге  чоң ыраазычылыгын билдирди.
2003-жылы райондо бир гана “Байчечекей” бала бакчасы бар болчу.  Ага балдарды берүү үчүн ата энелер кыйла убакыт кезекте турууга мажбур болуп келишкен.  Бүгүнкү күнү  райондо билим берүүгө чоң көңүл бурулуп, жакшы шарттар түзүлүп жатат. Райондо келечекте дагы чоң иштер жана долбоорлор ишке ашат деген ишенимин  Чүй — Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.С. Кибираева билдирип,  Өкмөттүн багытын туура түшүнүп, билимге инвестиция кошкон райондун акими  К.С. Апбасовго жана Шамшы айыл аймагынын башчысы З.Т. Алышпаевге чоң ыраазычылыгын билдирди.
Жетекчилердин сөзүнө кошулуп, айылдын ардактуу аксакалдары  Ибраимов Калыйбек,  Зарылбек Садыков,  айыл башчысы  Майрамбек  Кулманбетов,  Сайлык айыл аймагынын башчысы Бактыбек   Жумаканович Турсуналиев, Чүй районунун финансы бөлүмүнүн башчысы  Гульмира  Танаевна Жумалиева,  айылдык кеңештин депутаттары  Гүлчоро Чолжиев жана  Таштан Жанжигитовдор  райондун жетекчилигине,  Шамшы айыл аймагынын  башчысына, күнү – түнү талыкпай иштеп,   бала бакчанын ачылышын тездетүүгө  салымдарын кошкон айылдын эр — азаматтарына чоң ыраазычылыктарын билдиришип, айылда  майрамдар  көбөйүп, жакшылыктар улана  беришин тилешти.
Куттуктоо сөздөрдүн соңунда бала бакчанын  тушоо лентасын   райондун башчысы — аким К.С. Апбасов,  ЖКнын депутаты А.А. Аскарова  жана Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  С.Б.Волкова жана  Шамшы айыл өкмөтүнүн башчысы  З.Т. Алышпаевдер  кесип, бала — бакчага киришти. Бала бакчанын жылуу имараттарында уктоочу бөлмөлөрү,  ашканасы, жуунучу, ойноочу, билим алуучу  жайлары орун алган. “Конокторду” бөбөктөр  атайын алар үчүн даярдаган ыр, бий,  шаң менен тосуп алышты. Алардын көңүлдөрүн эргитип, баарына жакшы маанай тартуулашты. Аны менен мактоого, кол чабууларга ээ болушту.
Аземдин катышуучуларынын пикиринде, Чүй районунда  саны боюнча ачылган 14-  бала бакча “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү”  жылына чоң салымын кошту.

  

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 13, 2019 11:19

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина