Адамга эхинококкоз оорусу кандай коркунучтарды камптыйт?

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 10:45

Адамга эхинококкоз оорусу кандай коркунучтарды камптыйт?

TSestoda 17 ноябрь, Бишкек. Кир, жуулбаган колдор көбүнчө оорулардын пайда болушуна алып келет. Гигиенаны сактабай, үйдөгү же көчөдөгү жаныбарлар менен ойноп жатып организмде зыянкечтердин пайда болуу тобокелдиги жаралат.

Кыргызстандын калкынын арасында зыянкечтер менен жабыркага норуулардын көпчүлүгү бул – эхинококкоз.

Эхинококкоз   бул эхинокок тасма курттарынын адамга жана жаныбарга жугушунан келип чыккан ылаң.

Эхинококкозду козгогучу болуп белгилүү болгондой жырткыч жаныбарларда кездешүүчү мите курттар Echinococcusgranulosus саналат.Мите курттардын ортоңку ээси болуп –адам жана мал эсептелет.

Кыргызстанда негизинен кой, эчки,  ошондой эле бодо мал, топоз жана төөлөр ушул сыяктуу инфекцияларга туруксуз келгендиктен, көбүнчө учурда ылаңга чалдыгышат.

Көпчүлүк учурда инфекциянын булагы болуп иттер эсептелет. Алар ылаңга чалдыккан жаныбардын жабырланган органдарын жегенде жугузушат.

Адамга ылаңдын жугушунун себеби колдун кири жана жаныбар, көбүнчөсү иттер менен болгон байланыштын натыйжасынан келип чыгат. Жеке гигиенаны колдонбогондон адам жаныбардын жүнүндө, шилекейинде же желинде болгон эхинокок митесинин жумурткасын оозуна киргизип алышы мүмкүн.

Мындан тышкары чийки суу, ошондой эле жуулбаган же тазаланбаган жашылча жана жер жемиштерди пайдалангандан ылаң жугушу мүмкүн, анткени ылаңдаган жаныбарлардын заңы менен эхинококтун жумурткаларын сырткы чөйрөгө бөлүп чыгып, жер жемиштерди булгайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы боюнча ылаңга чалдыккан учурлар 2015-жылы 1134 болсо,  2016-жылы  972 ге жеткен. Мында көрүнүп тургандай ылаңдаган адамдын саны анча көп азайган эмес.

Азыркы учурда Кыргызстанда эхинококкозго каршы көптөгөн профилактикалык чаралар өткөрүлүүдө. Профилактика жүргүзүү программасында ылаңдын козгогучун алып жүрүүчү иттерди дегельминтизациялоого  негизги көңүл бурулат.

Дегельминтизациялоо – адам менен жаныбарлардын организмин гана эмес, ошондой эле тышкы чөйрөнү, жерди, сууну, тамак –аш продуктуларын гельминттерден (мите курттардан) тазалоо.

Адам менен жаныбарларды дегельминтизациялоо негизинен организмде болгон мите курттарды жана алардан чыккан жумуртка, личинкаларын атайын фармакологиялык дары-дармектин жардамы менен зыянсыздандыруу аркылуу ишке ашырылат.

Эхинококкоздун алдын алуу

Эхинококкоз менен ылаңдаган иттерден алдын алуу чараларды жүргүзүү үчүн эскертүү:

  • Иттерди эхинококкоз менен ылаңдаган же өлгөн малдын кистасы жана ички органдары менен тамактандырбоо,
  • Малдардын органдарынан чыккан эхинококкоз кистасын акыр-чикир таштандылар менен чогуу ыргытуудан мурда өрттөп же бышырып утилизациялоо абзел.
  • Жылына 4 жолу бардык иттерге (үй ити, малчы ити, күзөтчү ит, мергенчи ит) профилактикалык дегельминтизациялоо жүргүзүү.
  • Жолбун иттерди мал союлуучу жайга жолотпоо.
  • Иттерди байлоодо кармоо, аларды бакчага(чарбага), суу булактарына жана акыр-чикир таштандылар ыргытылган жерлерге баруусуна жол бербөө.
  • Иттин заңын же ит багылган жерден чыккан таштандылар тиричиликте же айыл чарба продуктысын сугаруу үчүн колдонулуучу ачык көлмөлөргө түшүшүнө жол бербөө.
  • Жылына 4 жолу иттерди туура дегельминтизациялоо керек.

Эхинококкозго каршы алдын алуу үчүн:

  • Колду жуу:
  • Итти же малды кармагандан кийин
  • Тамак ичээрдин алдында
  • Жер менен иштегенден кийин
  • Жапайы жырткыч малдын терисин сыйрыгандан кийин жана аларга аң уулоодон соң
  • Талаада жүргөндө чоп чарды оозго салуу, тиш тазалоо адатынан алыс болуу.
  • Итке бетти жалаттырууга, төшөккө секирип чыгууга жол бербөө.
  • Итти атайын бөлүнгөн идиштен тамактандыруу керек.
  • Бышпаган чөп-чар, жашылча жана жемиштерди кылдаттык менен жууп, пайдалануу.
  • Ачык көлмөлөрдөн алынган сууну кайнатып ичүү.
  • Аба чаңдап турган жер менен байланышта болгон талаа иштерин же кап(респиратор) кийип иш алып баруу керек.
  • Тиричиликте кайнатылган сууну пайдалануу.
  • Жашылча, жемиштердин кайнатылган суу менен жууп, тамак-ашка пайдалануу.

 

Эхинококкоз жөнүндө эмне билүү керек?!

  • Эхинококкоздун адамга жугуусу бул булганч тамак-аш продуктуларын, суу, жер же мите курттарын алып жүрүүчү жаныбарлар менен карым катнашта болгондо мите курттарынын жумурткаларын жутуп алуудан келип чыгат.
  • Эхинококкоз адамадан адамга карым-катнаш же тиричилик жолдору менен жукпайт. Жаныбарлардан гана жугат.
  • Ооруганда бардык органдар жабыркайт.
  • Ылаң көп убакытка чейин аныкталбайт жана кокусунан билиниши мүмкүн.
  • Адамдарда негизинен ылаңдын эки түрү кисталык эхинококкоз (гидатидоз) жана альвеолярдык эхинококкоз эсептелет.
  • Эхинококкозду дарылоо уламдан улам кымбат жана татаал болот жана чоң хирургиялык кийлигишүү же узак мөөнөттөгү дарылоо терапиясы талап кылынат, ал эми альвеококкоз дартын айыктыруу өтө татаал.
  • Операциядан кийин деле оору кайталанышы мүмкүн.
Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 10:45

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина