Адамга эң керектүү пайдалуу кеңештер

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 25, 2019 10:57

Адамга эң керектүү пайдалуу кеңештер

9 Жылдызча  төшөк

Күн сууктаган сайын бала менен сейилдөө кыйынчылыкты жарата баштайт. Мындай учурда сизге ыңгайлуу төшөк ороо керек экени эсиңизге түшөт. Албетте, бош төшөк менен орогонуңузда кичинекей кыймылдаган сайын бошоп, тынымсыз кымтылоого туш болосуз. Убактыңыз болсо жылуу кылып жылдызча төшөктү колго тигип алсаңыз болот. Сизге ичтелген же түктүү жылуулукту жакшы кармаган материалдан туурасы 71 см, узуну 67 см болгон төрт чарчы материал аласыз. Аны жылдызча кылып бычып алабыз. Жылдызчанын бир башы топуга кетет да ийин менен бут келе турчу аралык 58 см, ал эми баланын аласы келе турчу аралык 54 см болот. Алдына келчү материалдын туурасы 85 см болот, аны анткени баланын көкүрөгү жабылыш үчүн кайчылаштырып бычабыз. Эми баардык тарабын тигип алабыз. Топунун кыргагы менен боордогу кыргактарды жип же тасма менен бекитип коесуз. Эгерде колун чыгарам десеңиз жылдызчанын кол келе турчу бурчтарын ачып жең кылып койсоңуз болот. Бул жылдызча төрт айга чейинки наристелерге туура келет. Эгерде андан чоңураак кичинекейге тиге турган болсоңуз, 82см -80 см.деги 71-46 ченеми 4-10 айга чейин, 84см-88 см.деги  80см-54см ченеми 11-18 айга чейинкилерге туура келет.

Алмалуу торчо печеньеси

Конок тосууда же үй-бүлөлүк майрамдык дасторконду өзгөчө кылып тосууну каалап жатсаңыз, анда сизге түрдүү печеньелердин арасынан начинкалуу торчо печеньесин жасоону сунуштайбыз. 200 гр камкаймак майын эритип, ага эки даана жумуртка жана 120 гр шекер, 100 мл жылуу сүт, татымына жараша туз, 1 чай кашык ванил шекери,  2 чай кашык көптүргүч жана даярдалынып алынган бир лимон кабыгынын кесиндисин кошуп жакшылап аралаштырабыз. Андан кийин ун (болжол менен 500 гр ун) себелеп чаласыз, камырга айланганча себелеп жакшылап ийлейсиз да полиэтилен баштыгына салып муздаткычка бир сааттай салып тыныктырасыз. Бул учурда начинкасын даярдайбыз. 1 кг алманы кабыгынан тазалап чоң көзөнөктүү сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Чуңкур идишке салып, ага 6 чай кашык суу, 5 аш кашык шекер, 2 чай кашык эриген камкаймак май жана жарым лимондун ширесин кошобуз. Отко кайнаганча коюп кайнаар менен отту жайлатасыз. Суусу соолугандан кийин оттон алып муздатыңыз. Камырды жаяр алдында нан бышыргычты иштетип коюңуз, ысый берсин. Эми камырды жетиге бөлүп аласыз. Ар бирин калыңдыгы 3 мм болгуча тегерек кылып жаясыз. Алтыга бөлүңүз. Ар бирине төрт тилик кылып ортосуна начинка салып оройсуз. Баары 42 даана печенье болот. Четинен ысыган нан бышыргычка  15 мүнөт бышырып, муздаганда үстүнө шекер упасын сээп коюңуз.

Билерик

Жакшы көрүп тагынган билеригиңиздин өңү өчүп көрүнүшү жаман болуп калдыбы? Анда жип жана шурулардын жардамы менен жаңыртып башкача дизайндагы  билерикке айлантабыз. Жибек жип менен билерикти кылдат ороп чыгабыз. Учтарын клейдин жардамы менен бекитип, майда илмектерге ар түрдүү элестерди берген шуруларды илип, аны билерикке бекитип коебуз. Жип тынымсыз кирдей берет десеңиз жиптин сыртын түзсүз лак менен лактап коюңуз.

5Д телефон кап

Телефонуңуздун кабына сүрөтүңүздү койгуңуз келип жүрөбү? Анда сизге түзсүз телефон кап, клей жана сизге жаккан сүрөтүңүздүн кагазы болушу керек. Алгач телефон каптын ичине сүрөттү салып камеранын ордун чийип кесип аласыз. Андан кийин суулуу чүпүрөк менен сүрөттүн артындагы кагазын акырындык менен үбөлөп жукартабыз. Сүрөт пленкадай болуп калат. Эми телефон каптын ичине салып четтерин клей менен кылдат чаптайбыз. Клейи кургагандан кийин телефонго каптап коюңуз. Сиздин колуңузда элде жок өзгөчө каптуу телефон пайда болот.

Дамира СААЛИЕВА

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 25, 2019 10:57

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина