Адамдарды сатууга каршы күрѳшүү боюнча 100 күн

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 11:56

Адамдарды сатууга каршы күрѳшүү боюнча 100 күн

Шопоков 17 ноябрь, Бишкек. Сокулук районунун Шопоков шаарчасында облустар арасында жаштардын демилгеси менен адамдарды сатууга каршы күрѳшүү боюнча 100 күндүк программанын алкагында ѳтүп жаткан “МЕН КАРШЫМЫН” аттуу иш-чарага Өкмѳттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, акимдин орун басары  Т. Ракимбаева жана райондун жаштары катышышты. Иш-чара флеш-моб концерттик программада уюштурулуп, жогорку мектеп окуучулары активдүү катышуу менен бирге адамдарды сатууга каршы күрѳшүү тууралуу ойлору менен бѳлүшүп,  эркектер, аялдар жана балдарды сатууга багытталган кылмыштар жөнүндө маалымат алышты.

-Бул тууралуу Өкмѳттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары А. Солтонбекова тѳмѳндѳгүчѳ билдирди.

-Бул иш-чара адамдарды сатууга каршы күрѳшүү боюнча жүз күндүк программанын алкагында жүргүзүлүп жатат. Ар бир райондордо Өкмѳттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн буйругу менен бекитилген иш-чаранын негизинде, ар кандай тематикада алсак, театр-форумдарды, акцияларды, вакансия жарманкеси жана ушул сыяктуу  тематикада жүргүзүлүп жатат. Ошону менен бирге эле бүгүнкү күндѳ жаштардын кѳпчүлүк бѳлүгү  интернет булактарын пайдалангандыктан  ушул сыяктуу ѳтүп жаткан иш-чараларды ѳздѳрүнүн интернет баракчаларына жайгаштырып, ѳздѳрүнүн идеялары менен  бѳлүшүп активдүү түрдѳ буга салымдарын кошуп жатышат десем жаңылбайм. Мындан сырткары ар бир мектептерде сочинение, сүрѳт конкурстары жана театрдык кѳргѳзмѳ деп үч номинация менен конкурс ѳткѳрүп жатабыз.Конкурска 9 номинациядагы байге койгонбуз.Ар бир мектептен жогорку класстагы окуучулар катышып, ал жактан тандалып байгелерди адамдарды сатууга каршы күрѳшүү боюнча 100 күндүк программанын алкагында тапшырабыз.

Айнура ЖАНЫШОВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 11:56

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина