Абдил Сегизбаев фракция лидерлери менен жолугуп, парламенттен чыгып кетти

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 13:57

Абдил Сегизбаев фракция лидерлери менен жолугуп, парламенттен чыгып кетти

Абдил УКМК төрагасы Абдиль Сегизбаев учурда Жогорку Кеңештен чыгып кетти. Ал чыгып бара жатып фракция лидерлери менен эмне тууралуу сүйлөшкөнү боюнча эч кандай комментарий берген жок. Сегизбаев депутаттар менен болгон он мүнөт убакыттай гана болду.

Эске сала кетсек, учурда Жогорку Кеңеште фракция лидерлери Өмүрбек Текебаевдин маселесин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун бөлмөсүндө жабык эшиктин артында талкуулап жатышат.  Жыйынга депутаттар Өмүрбек, Бабанов  Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Алмазбек Баатырбеков жана «Ата Мекен» фракциясынын атынан Алмамбет Шыкмаматов катышып, ич ара сүйлөшүп жатышат.

Айта  кетсек, «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» фракциясы парламентти кезексиз сессияга чогултуу чечимин кабыл алган. Бирок, добуш жетпей жаткандыгына байланыштуу спикер Чыныбай Турсунбеков уруксат берген жок.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 13:57

Парламент

Элдик медицина