Абакка түшкөн аткаминерлердин абалы начарлап жатканы эмнени каңкуулайт…

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2018 17:03

Абакка түшкөн аткаминерлердин абалы начарлап жатканы эмнени каңкуулайт…

2 Парламентте Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу камакка алынган мурдагы мамлекеттик жетекчилердин саламаттыгы начарлап жатканы айтылып, алардын абалынан кабар алуу демилгеси көтөрүлдү.

Буга чейин «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин ден соолугу начарлаганы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк камактагы депутат Осмонбек Артыкбаевдин абалы оорлогону кабарланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны четке какты.

ЖЭБ чыры боюнча камалгандардын баары УКМКнын тергөө абагында отурушат. Алардын айрымдары менен депутаттар жана Кыйноого каршы күрөш боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү таанышып чыкканы белгилүү болду.

Кандай болгон күндө дагы кызматта турган атка минерлер абакка түшкөндө эле абалдары начарлап калганы суроо жаратпай койбойт экен.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2018 17:03

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина