А. Чаргынов: “Биз үчүн ар бир жарандын өмүрү кымбат”

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 11:21

А. Чаргынов: “Биз үчүн ар бир жарандын өмүрү кымбат”

5Табият кырсыгы айттырбай келет дейт эмеспи, андыктан жылдын бардык мезгилинде ар түрдүү кырсыктар тургундардын тынчын алып кээде адам өмүрү менен кош айтышкан учурлар кездешпей койбойт. Мындай жаратылыштын төрт мезгилинде күттүрбөй келген кырсыктарынын астын алып, жарандарыбыздын коомсуздугун камсыздаган бул куткаруучулар болуп саналат. Мекенибиздин борбор шаары болгон Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдөн тартып чет жакасындагы башаламан жайгашкан конуштарга чейин көзөмөлгө алып, жарандардын коопсуздугун коргоп мекен үчүн кызмат кылып келген Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынын башчысы Чаргынов Адилбек Маметмусаевич менен баарлаштык.

-Саламатсызбы Адилбек Маметмусаевич, Айттырбай келген кырсыктан астын алуу бул өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат эмеспи, өткөн жылы табият кырсыгына кандай туруштук бердиңиздер?

-Өткөн жылы 2015-жылга салыштырмалуу татаалыраак жыл болуп эсибизде калды. Күндүн ысыгына байланыштуу сууга түшүп же башка кырсыктарга кабылгандардын өмүрүн сактап калуунун аракети менен жылды узаттык десем жаңылышпайм. 2016-жылы мэриянын пансионатына да биздин куткаруучу жигиттерибиз чыгып эс алуучулардын коопсуздугун сактоо кызматында болушту. Жыл өткөн сайын сууга түшүүчүлөрдүн саны жогоруласа биз куткаруучулардын санын арбытып жатабыз. Айта кетсем сууга чөккөндөрдүн баарын аман алып калуу тагдыры жазылган жок, кечигип чакырылып калганда же түнү түшкөндөрдүн сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп берүүгө туура келди. Бул көрүнүш албетте кабыргабызды кайыштырат. Биз үчүн ар бир адамдын өмүрү кымбат экенин баарыбыз ошол жерде жон терибиз менен сезип турабыз.

-Сиздер ар дайым коомго табияттын күтүүсүз кырсыктарынын алдын алуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келесиздер, кайсы жерлерде канча мезгилде бир окутасыздар?

-Өзгөчө кырдаалдар боюнча айтып кетсем кыргызстандын баардык аймактарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Мисалга жаз мезгилин алсак азыр суу жээктерин бекемдөө, кар көчкүдөн сак болуу иштери боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат. Ар бир региондо жарандык коргоо адистерин даярдоо борбору бар. Ай сайын кээде үч айда бир барып түшүндүрүү менен бирге жергиликтүү бийликти калкты окутабыз. Бишкек шаарынын куткаруу кызматына токтоло кетсем массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышып элге түшүндүрүү иштерин жайылтуу менен бирге ар кайсы коомдук жайларга машыгууларды өткөрүп турабыз. Жайдын ысышы менен сууга түшүү башталат мындай мезгилде биз бир гана Бишкек шаарын эмес Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун региондорунун калкынын коопсуздугун камсыздап келебиз. Комсомол, ГЭС-5 көлдөрүнө барып эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Кээ бир жарандарга сууга сүзүүдөн тартып өзүн кандай сактоо керектигинен бери үйрөтөбүз.

-Мындан бир нече жыл мурун боз уландар аскер адамы болууну кааласа акыркы мезгилде куткаруучу болууга ашыккан өспүрүмдөр көп, куткаруучу болуу үчүн кандай талаптарга жооп берүүсү керек?

-Албетте куткаруучу болом деп келген жаш уландарыбыздын саны арбып жатат. Бирок биз баарын кабыл ала бербейбиз анткени биздин да талап бар. Калктын коомсуздугун

сактап алардын өмүрүн өлүм менен талашуу жеңил эмес андыктан бизге келген жаш жигиттердин аскердик кызматты өтөп келген жашы 22 жогору уландарга көбүрөөк басым жасайбыз. Куткаруучулукка орто билим менен кызматка алына берет, бирок келген жигиттердин ширетүүчү, сантехник, электрик кызматтарынан жакшы түшүнүгү болушу шарт. Ал эми дене түзүлүшүнө келсек спорт менен машыгып келген, шамдагай, жүрөгү курч жигиттерди көп кабыл алабыз. Күн санап Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрү бийиктеп баратат, мындайда албетте бизге өз жанын мекенине арнаган балдар керек. Куткаруучу суудан же бийик имараттан алып чыгуу эмес, кээде газ түтүктөрү жыртылып калган же электр туташуусунан улам кырсык келип калышы мүмкүн да мына ошондойдо экинчи адисти карап отурбай тезинен кырсыктын алыдн алуу болуп саналат. Ошол себептен улам биздин куткаруучуларыбыз баардык адистикти жакшы түшүнгөн ар тараптуу болушуу шарт.

-23-февраль мекенди коргоо күнү деп эсептеп келебиз, сиздердин милдет мекендин ички коопсуздугун коргоо болгондуктан кызматташтарыңызды куттуктай кетсеңиз…

-Кесиптештеримди, аскер кызматкерлерин кызматтык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар биринин үйүнө бакыт кушу конуп, элибиз аман, жерибиз тынч болуп Мекен үчүн өз кызматтарын өтөп элибиздин кашында болушсун. Эл үчүн кызмат кыла берели демекчимин.

Маектешкен Дамира СААЛИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 11:21

Парламент

Элдик медицина