А.Атамбаев: Өкмөт менен Парламент бийлик менен оппозициянын ортосундагы көпүрө болуш керек

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 28, 2015 14:46

А.Атамбаев: Өкмөт менен Парламент бийлик менен оппозициянын ортосундагы көпүрө болуш керек

1 28 июль, Бишкек. Президент Алмазбек Атамбаев бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдон маалымат алды.

Жолугушууда президент менен төрага  Кыргызстанда парламенттик демократиянын өнүгүшү, Жогорку Кеңешке шайлоолорду таза жана ачык өткөрүүгө багытталган республиканын шайлоо системасындагы жаңылыктар жөнүндө пикир алмашты.

Мамлекет башчысы жаңы саясий системанын – парламенттик демократиянын артыкчылыктарын көрсөткөн бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин тарыхый өзгөчө вазыйпасын баса белгиледи.

«Бул система мамлекет менен коомдун ортосундагы мамилени ширелиштирет, ал эми Өкмөт менен Парламент толук кандуу бийлик бутактары болуп калат. Бул болсо, бийлик менен оппозициянын ортосунда конструктивдүү мамиленин болушуна көмөк болуп, үзгүлтүксүз диалогду калыптандырат», — деди Алмазбек Атамбаев.

Президент алдыда боло турган Жогорку Кеңешке шайлоолорду адилеттүү жана ачык өткөрүү менен болочок парламенттин курамынын сапатын жакшыртуунун өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөнүн өнүгүшү үчүн парламенттик демократияны мындан ары жакшыртуунун маанилүү экендигин кошумчалады.

 

Нурзада Акмат, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 28, 2015 14:46

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина