63 жаштагы он баланын энеси кароосуз калдыбы же өзү күнөөлүүбү?

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:27

63 жаштагы он баланын энеси кароосуз калдыбы же өзү күнөөлүүбү?

17 Бул аптанын каарманы болгон 63 жаштагы эне «Дордой» базары тарапта эски унаада жашап келген. Соц тармактарга чыккан эненин аянычтуу окуясы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Айрымдары күнөөнү балдарына койсо, кай бирлери кемчилик аялдын өзүндө да болушу мүмкүн деген ойлорду айтышууда.

Чындыгында, Алтын Отомбаева ата-энесинен эрте ажырап, өгөй эненин колунда чоңойгон. Жаш кезинен өзүнүн күчүнө таянып иш кылып жүрүп турмушка эрте бышкан. Алгач, Кара-Балтадагы килем чыгаруучу комбинатта,кийин кыргыз-казак чек арасында, андан соң мунай базасында оператор болуп эмгектенген. Кийинчерээк жолдошу каза болгондон кийин жалаң соода-сатык менен алектенүүгө өткөн. Өзү төрөгөн беш баласы менен багып алган бешөөнү кошуп, он баланы өмүрлүк жары экөө чогуу чоңойткон. Балдарынын баары үй-жайлуу,орун-очок алган. Татынакай жыйырмага жакын небереси бар. Аларды багып үйдө отурганды каалабайм, андан көрө акча таап, өз алдымча жашаганым жакшы- дейт ал.

Ошол эле учурда, балдары энесинин келип неберелери менен болуусун каалайт. Тилекке каршы Кара-Балта шаарындагы Федерова көчөсүндө жайгашкан эне жашаган үйдү  уулдары эки жолу ремонттон өткөрүп берсе, эки жолу өрттөнүп кеткен. Ал кырсыкпы же эненин өзүнүн шалаакылыгыбы эч ким айта албайт. Бирок, неберелери менен үйдө отуруну каалабаган эне коммчулукка буркурап арманын айтпай эле койсо болмок экен-деген гана пикирде калдык.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:27

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина